Сөз эркиндиги боюнча эл аралык рейтинг: Кыргызстан эки баскычка артка кетти

  • 2 недели мурун

“Чек арасыз кабарчылар” (RSF) эл аралык уюму сөз эркиндиги боюнча рейтингди жарыя кылды. Сөз эркиндигигин абалы боюнча эл аралык рейтингде Кыргызстан эки баскычка артка кетип, 180 өлкөнүн арасынан 146-орунда болду.   

Сөз эркиндиги көпчүлүк өлкөлөрдө оор абалда калганы белгиленди. Эл аралык рейтингде Кыргызстан эки баскычка артка кетип, 180 өлкөнүн арасынан 146-орунда болду. Грузиянын көрсөткүчү өткөн жылга салыштырмалуу 21 баскычка төмөндөгөн. Өзбекстан 147, Казакстан 149, Тажикстан 155, Беларусь 165-орунда,  Азербайжан 171, Россия 172, Түркмөнстан — 173-орунда.

Сөз эркиндиги жакшы рейтингдеги өлкө катары Молдова 31-орунга ээ болду.   

Аталган эл аралык уюм баяндамасында Борбор Азия өлкөлөрүндө жалпыга маалымдоо каражаттарына басым күчөгөнүн, өкмөт жеке ЖМКга да таасирин  жайылтууга аракет кылып жатканы белгиленген.

Ал эми Кыргызстанда айрым ЖМК экстремисттик деп табылып, сөз эркиндигин чектеген мыйзамдар кабыл алынганы айтылат.  

2025-жылы Кыргызстан басма сөз эркиндиги боюнча 180 өлкөнүн ичинен 144-орунда турган.

Иллюстрацияоык сүрөт: Интернет булактарынан

.   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты