Аскар Акаев: “Мен Конституцияны бузгула деген жокмун, үчүнчү мөөнөт деген жокмун, аны башка адамдар чыгарып жатат ”  

  • 2 месяца мурун

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев Ысык-Көл форумуна катышты жана ошол иш-чара аяктагандан кийин “Азаттык” үналгысына, журналист Айбек Абдылдаевге маек курду.

Аскар Акаев “Жакшыраак сурансаңар келемин” деген журналисттерге жооп сөз тамаша иретинде эле айтылганын билдирди.   

Тамаша иретинде эле айтылган. Арслан Койчиев эртең менен телефон чалып, “келип бериңиз” деди. Кыргыздарда жакшы сөз бар эмеспи, “Чакырган жерден калба, өзүң басып барба” деген. Чакыргандан кийин кечинде эле учуп келдим,-деди Аскар Акаев.  

Өзүңүз билесиз, Кыргызстан азыр президенттик шайлоонун алдында турат, кечээ дагы бир сөзүңүз, Кыргызстан экономикалык кереметин ишке ашырыш үчүн дагы бир мөөнөт керек деген, анан 10 жыл деп да айтылып кетти. Бул кандай? Баш мыйзамды бузган болуп калабы?-деген журналисттин суроосуна биринчи президент Акаев мындайча жооп узатты:

Негизи мындай: Азыр Кыргызстанда сейрек кездешүүчү ахвал түзүлдү. Биринчиден, тарыхый окуя болду, Кыргызстанды Бириккен улуттар уюму Коопсуздук Кеңешине мүчө кылып шайлады эки жылга. Бул эң чоң тарыхай жетишкендик. Мисал айтып кетейин: Мына, Германия өсүп-өнүккөн мамлекет, быйыл ошол БУУнун Коопсуздук Кеңешине кирбей калды. Кыргызстанды көпчүлүк колдоп, шайланып калды. Бул чоң жетишкендик. Акыркы жылдарда экономика дүркүрөп өнүгө баштады. Акыркы үч жылда өсүштүн темпи 10 процент болуп жатат. Орто Азияда, Евразияда жок мындай темп менен өсүш. Бул абдан жакшы көрүнүш, менимче. Дүйнөлүк тажрыйба боюнча 8-10 процент менен өсүш болсо, бул экономикалык керемет, “экономическое чудо” болот.

XX кылымда Чыгышта беш эле мамлекет экономикалык керемет жаратып, өсүп-өнүгүп кеткен: Япония, Түштүк Корея, Сингапур, Малайзия, акыркы 30 жылда Кытай Эл Республикасы. Мен ошон үчүн айтып жатам, үч жыл 10% менен өсүш болду, быйыл төртүнчү жыл, дагы күтүлүп жатат, прогноз ошондой, дагы 10% өсүш болот деп күтүлүп жатат, мен ошондуктан, мына төрт жыл, экинчи мөөнөткө шайланса, мыйзам, Конституция боюнча укугу бар да, Садыр Нургожоевичтин. Төрт жыл иштеди, дагы беш жыл болсо, экономикалык керемет жаралып калат, мен ошону айтып жатам. Мыйзамдуу, конституциялык жол менен экинчи мөөнөткө шайланып кетсе жакшы болот эле деп. Балким Кыргыз экономикалык керемет жаралып калса деп… Мен Конституцияны бузгула деген жокмун, үчүнчү мөөнөт деген жокмун, аны башка адамдар чыгарып жатат,-деди Аскар Акаев.

19-июнда Чолпон-Атада өтүп жаткан Ысык-Көл форумунун экинчи күнүндө Кыргызстандын мурдагы президенти, академик Аскар Акаев окумуштуу катары сөз сүйлөп, бүгүнкү күндө өлкөдө экономика өнүгүп жатканын билдирди. Ошондой эле ал Кыргызстандагы “экономикалык кереметин” улантуу үчүн президент Садыр Жапаровго дагы 8-10 жыл берүү керек экендигин айтты.

Форумда журналистердин “Кыргызстанга кайтасызбы?” деген суроосуна Аскар Акаев “Жакшылап чакырсаңар сөзсүз келем” деп жооп берди.

Аскар Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылкы март окуясында бийликтен кулатылгандан кийин үй-бүлөсү менен Орусияга чыгып кеткен.

Ал кийин 2021-жылы «Кумтөр иши» боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде тергөөгө көрсөтмө берүү үчүн эки жолу Кыргызстанга келип кеткен. Акаев УКМКга сурак берип, тергөө менен кызматташа турганын билдирген.

Сүрөт: «Азаттыктын» видеосунан алынды.            

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты