«Клооптун» мурдагы операторлору Дуулатов менен Александров пробация режими менен камактан бошотулду
- 2 недели мурун
Бүгүн, 25-ноябрда, Бишкек шаардык соту «Клооп» басылмасынын мурдагы операторлору Жоомарт Дуулатов менен Александр Александровдун иши боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимин өзгөртүп, үч жыл пробация режими менен камактан бошотту.
Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова билдирди.
Буга чейин 17-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда «Клооп» басылмасынын мурдагы операторлору Жоомарт Дуулатов менен Александр Александровду жалпы режимдеги абакка 5 жылдан эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Ал эми эки эсепчиге 3 жылдан пробация режими берилди.
Бишкек шаардык сотунда “Клооп” басылмасынын мурдагы операторлору Александр Александров менен Жоомарт Дуулатовдун жана бухгалтерлердин аппеляциялык даттануусу боюнча соту 4-ноябрда өткөн. Анда тараптар күбөлөрдү суракка алуудан баш тартып, айыпталуучулардын сурагына киришти. Адвокаттар айыпталуучуларды актоону жана жазаны эркинен ажыратпоо чараларына алмаштырууну өтүнүшкөн.
Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан 27-октябрда райондук прокуратуранын доо арызы канааттандырылып, Temirov Live, Kloop. kg « Айт Айт Десе” медиа долбоорлорунун маалыматтык материалдары экстремисттик деп табылды.
Ошондой эле аталган долбоорлордун ишмердүүлүгүнө катышкан Болот Темиров жана Ринат Тухватшиндин аракеттери да экстремисттик деп таанылган чечим чыгарылды. Ошондой эле аталган медиа долбоорлордун интернеттеги баракчалары жана ишмердүүлүгү тыюу салынды.
2024-жылы 16-июлда Жогорку соттун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы “Клооп Медиа” коомдук фондун жоюу маселеси боюнча акыркы чечимди кабыл алды. Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун фондду жоюу боюнча чечими өзгөрүүсүз калды.
17-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда «Клооп» басылмасынын мурдагы операторлору Жоомарт Дуулатов менен Александр Александровду жалпы режимдеги абакка 5 жылдан эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Ал эми эки эсепчиге 3 жылдан пробация режими берилген.
«Клооптун» негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшин мекеме мыйзам чегинде иш алып барганын белгиледи.
«Биз мыйзам чегинен чыкпай иштеп жатканбыз. УКМК кызматкерлери салык боюнча көптөгөн отчетторду кылдат иликтеп чыкса, биз юридикалык жактын мыйзамдуу иш алып барганына көзүбүз жетет» деди Тухватшин.
Сүрөттө: Жоомарт Дуулатов менен Александр Александров. Интернет булактарынан




