“Азаттыктын” жетекчиси Венера Жуматаева өз ыктыяры менен кызматтан кетип жатканын билдирди
- 1 неделя мурун
- Жаңылыктар
“Азаттыктын” кыргыз кызматынын жетекчиси Венера Жуматаева 1-октябрдан тартып кызматтан өз ыктыяры менен кетип жаткандыгын Фейсбук баракчасына жазды.
“Жетекчилерге мурдараак эле арызымды тапшырып, чечимимди билдиргем. Бир аз эс алып, жашоодогу баалуулуктарды кайра бир сыйра электен өткөрүп алып, андан кийинки аракеттерди пландайм” деди Жуматаева.
Венера Жуматаева «Азаттыкка» 1996-жылы кошулуп, беш-алты жылдай фрилансер болуп иштегенин, 2001-жылдын аягында Прагага которулганын айтты. Андан бери бир жыл журналистика боюнча тренер, дагы бир жылдай регионалдык директордун милдетин аткаруучу, дагы он айдай регионалдык редактордун милдетин аткарган. Стэнфорддо, Будапештте сырттан каржыланган стажировкада болуп, калган айлар, жылдар кыргыз кызматына арналганын айтты.
Сүрөттө: Венера Жуматаева. Азаттык
Муну бөлүшүү




