Кубат Касымбеков “Азаттык” радиосунун Кыргыз кызматынын директору дайындалды  

Ачык сынактын жыйынтында «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун Кыргыз кызматынын директору болуп Кубат Касымбеков дайындалды. Бул тууралуу «Азаттык» кабарлады.

Буга чейинки жетекчи Венера Жуматаева быйыл 1-октябрда өз каалоосу менен кызматын тапшырган.

Кубат Касымбеков Би-Би-Си дүйнөлүк кызматынын Кыргыз бөлүмүнүн жетектечиси болгон. Ага чейин «Азаттык» радиосунун Бишкек жана Прага кеңселеринде журналист, башкы редактор жана директордун орун басары болуп иштеген.

Сүрөттө: Кубат Касымбеков. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты