Жогорку сот “Клооп” жана Ринат Тухватшин боюнча чечимди өзгөртүүсүз калтырды
- 2 месяца мурун
Жогорку сотто бүгүн, 10-мартта, “Клооп” басылмасынын материалдарын жана анын негизөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшиндин ишмердигин экстремисттик деп табуу боюнча төмөнкү инстанция сотунун чечимине каршы аппеляциялык даттануу арызы каралды. Жогорку сот райондук соттун «Клоопту» жана Ринат Тухватшиндин ишмердүүлүгүн экстремисттик деп тапкан чечимин өзгөртүүсүз калтырды.
Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан 2025-жылы 27-октябрда райондук прокуратуранын доо арызы канааттандырылып, Temirov Live, Kloop. kg « Айт Айт Десе” медиа долбоорлорунун маалыматтык материалдары экстремисттик деп табылган.
Ошондой эле аталган долбоорлордун ишмердүүлүгүнө катышкан Болот Темиров жана Ринат Тухватшиндин аракеттери да экстремисттик деп таанылган чечим чыгарылган. Ошондой эле аталган медиа долбоорлордун интернеттеги баракчалары жана ишмердүүлүгү тыюу салынды.
Мындан тышкары аталган медиа-долбоорлордун материалдарын жайылтуу же кайра жарыялоого кылмыш-жаза кодексине ылайык кылмыш жоопкерчилиги каралган.
2024-жылы 16-июлда Жогорку соттун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы “Клооп Медиа” коомдук фондун жоюу маселеси боюнча акыркы чечимди кабыл алды. Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун фондду жоюу боюнча чечими өзгөрүүсүз калды.
Соттун жогоруда аталган чечимдерине каршы «Клооп» басылмасы жана Ринат Тухватшин Жогорку сотко аппеляциялык арыз менен кайрылган.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




