Болот Темиров: Көчөдө эс алып баскан убагымды да мага сотто каршы пайдаланышы мүмкүн

  • 3 года мурун

Иликтөөчү журналист жана Temirov LIVE жетекчиси Болот Темиров “ПолитКлиника” медиасына бийлик ага каршы бардык аракеттерди пайдаланышы мүмкүн экенин билдирди.  

-Кечээ, 25-январда, саат 13:30дан 15 ке чейин шаардын борборунда басып жүрдүм. Токтогул, Орозбеков, Киев көчөлөрү жана Эркиндик бульварынан жөө өткөм.  

Көчөдө бир топ адамдар мени колдоп жатышты. Эркиндик бульварынан “Кыргызтелеком” жактан “7 дубан” кыймылынын 7-апрель баатырлары жолугуп, мени токтотуп калды. Айта кетсек, бул кыймылдын катышуучулары бизге козголгон кылмыш  иште да өтүп жатат. Болот Назаров аталган кыймылдын кеңсесинде баңгизат тараткан деп шектелүүдө .  

Бирок мага жолуккандар тиги топко кирбегенин айтты. Мен аларга телефон номеримди бердим. Ушул учурда эки жаш кыз келип, менден жолго акча сурап калды. Чөнтөгүмдөн 70 сом алып, аларга бердим.

Кийин гана бул эпизодду сотто өзүмө каршы колдонуша алаарын түшүнүп калдым. Балким тигил адамдар ал күнкү жолугушуу кандай болгонун же кайсы күнү болгонун тактап бере албай калышы мүмкүн.  Ушундай учурларды юрист тактап бериши керек, -деп билдирди Болот Темиров.

22-январда кечинде иликтөөчү журналист Болот Темировду укук коргоо кызматкерлери террористтерге окшотуп, Бишкек шаардык ИИБге алып кетишкен.

Темировдун иликтөөчүлөр командасынын кеңсесине укук коргоо кызматкерлери иттер менен кирип, журналисттердин колун кайрып, полго жаткырып, тинтүү жүргүзүп .  компьютерлерда алып кетишкен.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков билдирүүсүндө журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаровго Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгонун (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, маңзатты мыйзамсыз даярдоо) маалымдаган.

23-январда Болот Темиров менен Болот Назаровду бошотуу талабы менен журналисттер, укук коргоочулар, коомчулук нааразылык акциясына чыккан. Болот Темиров менен Болот Назаров эч жакка чыкпоо кепилдиги менен камактан чыгарылган.

Жакында Temirov LIVE деп аталган YouTube канал «Эки күндө кантип 37 миллион сом тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы» деген темада иликтөөсүн жарыялаган.

Сүрөттө: Болот Темиров. Интернет булактарынан.

     

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты