ИИМ  Темировго байланыштуу кылмыш иши боюнча билдирүү таратты

  • 2 года мурун

Ички иштер министри Улан Ниязбеков иликтөөчү журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаровду кармоо жана ага карата жүрүп жаткан териштирүүлөр боюнча билдирүү таратты.

Анда министр «Бишкек шаарынын тургуну мекемеге арыз менен кайрылып, Болот аттуу жигит 2021-жылдын 25-октябрынан бери өзүн жана досторун баңгизат колдонууга мажбурлап жатканын, Бишкектеги Лонгвиненко көчөсүндөгү 55-үйдө жайгашкан кеңседе маңзаттарды колдонууга көндүрүү болуп, ага карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранганын жазды» деп билдирди.

Арыздын негизинде аталган кеңседе тинтүү жүрүп, анын ээси журналист Болот Темировдун чөнтөгүнөн кара куурайдын чайыры же гашиш заты табылган.

Ниязбеков төкмө акын Болот Назаровдун кармалуусу тууралуу да түшүндүрмө берип, аны кармоо учурунда чөнтөгүнөн 14 граммдан ашык кара куурай чайыры табылганын маалымдады.

«Биз коомчулукка таанымал жарандардын арасынан ушундай кылмыштуу жагдайларга баруусун күткөн эмеспиз. Тескерисинче, ар кандай кылмыштар, ушул эле баңгизаттар багытындагы кылмыштар боюнча да, айрым бир башка кылмыштардын алдын алууга да журналисттер ар дайым бизге жардам берип келишкендигин белгилеймин.

Бирок, факт деген факт экен. Арыз менен кайрылды, биз чара көрүү үчүн тактоо иретинде тиешелүү иш-чараларды жүргүздүк. Тилекке каршы, жыйынтыгында кылмыштын курамы бар экендиги такталып олтурат. Тиешелүү экспертизалар алынды, тергөө иши акыйкат жана мыйзам чегинде жүргүзүлөт, тергөөнүн жүрүшү толугу менен менин көзөмөлүмдө болот. «деген министр өз билдирүүсүн экспертизанын жыйынтыгы далилдегенин кошумчалаган.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков билдирүүсүндө журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаровго Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгонун (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, маңзатты мыйзамсыз даярдоо) маалымдады.

22-январда кечинде иликтөөчү журналист Болот Темировду укук коргоо кызматкерлери террористтерге окшотуп, Бишкек шаардык ИИБге алып кетишкен.   

Болот Темиров кармалган кылмыш ишинин алкагында эки адам шектүү катары өтүп жатат, бири — Темиров, экинчиси төкмө акын — Болот Назаров.

23-январда Болот Темиров менен Болот Назаровду бошотуу талабы менен журналисттер, укук коргоочулар, коомчулук нааразылык акциясына чыккан. Болот Темиров менен Болот Назаров эч жакка чыкпоо кепилдиги менен камактан чыгарылган.

Жакында Temirov LIVE деп аталган YouTube канал «Эки күндө 37 миллион сом тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы» деген темада иликтөөсүн жарыялаган. 

ИИМ имаратынын алдында ондогон медиа өкүлдөрү, жарандык активисттер каршылык акциясын өткөрүшкөн. Натыйжада экөө тең ошол эле күнү эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты