Кара-Кулжада бүркүттү мыйзамсыз кармаган кишиге 20 миң сом айып салынды

  • 1 месяц мурун

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун аймагында бир жаран Кыргыз Республикасынын «Кызыл китебине» киргизилген бүркүттү үйүндө мыйзамсыз кармап жүргөн. Ага 20 миң сом айып салынды.

Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, 27-январда Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгына Кара-Кулжа районунун аймагында бир жаран Кыргыз Республикасынын «Кызыл китебине» киргизилген бүркүттү үйүндө мыйзамсыз сактап жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгы «NABU» уюмунун «Барс-2» тобунун кызматкерлери менен бирге тиешелүү чараларды көрүп, аталган жаран аныкталды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында  «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 262-1-беренесине ылайык протокол түзүлүп, 20 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Ал эми бүркүт табигый жашоо чөйрөсүнө коё берилди.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарды айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырат.

Сүрөт: Министрлик

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты