Көк-Жарда мыйзамсыз делген үйлөрдү бузууга каршы жол тоскондордун бешөө кармалды
- 11 месяцев мурун
Бишкек шаарынын “Көк-Жар” конушунда мыйзамсыз салынган делген үйлөрдү бузууга каршы жол тоскондордун арасынан беш адам кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзамсыз жол тосууга шектелген А.Ж., К,Н, М.У., А.Б., Б.М. кармалды. Алар Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу камак жайына киргизилди.
Бишкек шаарынын Көк-Жар айылынын №172 контурунда коммерциялык объект, тосмо жана үйлөр бузулууда. Мэрия бул объектилер, үйлөр мыйзамсыз курулган деп айтууда. Көк-Жар айылынын жашоочулары каршы чыгып, жолду тосушту.
Бишкек шаардык мэриясынын маалыматында айтылгандай, эмерек цехи, картинг аянтчасы, кум блокторун чыгаруучу цех, ашкананын жана дүкөндүн кире бериш топтору, эмерек цехи, автосервис, ангар жана башкалар демонтаждалды.
Бул объектилер 2021-жылдан кийин курулган. Буга чейин бул аймактар административдик-аймактык реформанын алкагында Аламүдүн районунда жайгашкан, андан соң Бишкек шаарына өткөн.
Аламүдүн районунан Бишкек шаарынын Октябрь районуна өткөрүлүп берилген контурлар трансформацияланууда, жер тилкелери азырынча мыйзамдаштырыла элек. Жер тилкелеринин айыл чарба багыты бар.
Мэриянын маалыматында айтылгандай, бул жерлер 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 «Жер жана укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамына жана Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы «Жер мунапысынын тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна ылайык келбейт.





Баш сүрөт: Бишкек мэриясы
Сүрөттөр: Бишкек шаарынын Октябрь ИИБ басма сөз кызматы




