Болот Темиров эл аралык “Журналисттерди коргоо комитетинин” сыйлыгына татыктуу болду
- 3 месяца мурун
Иликтөөчү журналист Болот Темиров жыл сайын ыйгарылуучу эл аралык «Журналисттерди коргоо комитетинин“ (CPJ) “Эл аралык басма сөз эркиндиги» сыйлыгына татыктуу болду.
Бул тууралуу аталган комитет өз баракчасында билдирди.
«Журналисттер мурда болуп көрбөгөндөй тобокелге барышууда, ошентсе да алардын ишмердүүлүгү өтө маанилүү” деди “Журналисттерди коргоо комитетинин “ башкы директору Джоди Гинзберг.
Болот Темиров өзүнө ыйгарылган сыйлык бийлик тарабынан куугунтукталган, камакка алынган бардык журналист, акындарга таандык экенин билдирди.
“Жыл сайын “Журналисттерди коргоо комитети” кысымга алынган журналисттерди “Эл аралык басма сөз эркиндиги” сыйлыгына тандап алышат. Бул жолу мени татыктуу көрүшсө дагы, бул сыйлык учурдагы өлкө жетекчилиги — Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин бийлиги тарабынан басым көрсөтүлүп, караланып, куугунтукталган, сүргүнгө айдалган, камакка алынып, түрмөгө камалган бардык журналисттерге, акындарга, активисттерге таандык” Болот Темиров.

Болот Темиров иликтөөчү журналист, Temirov Live жана «Айт-айт десе» долбоорлорунун негиздөөчүсү, 2022-жылы 23-ноябрда Бишкек шаардык сотунун чечими менен өлкөдөн чыгарылган.
Чечим кабыл алынгандан кийин «Манас» аба майданынан күч менен Бишкек-Москва каттамына отургузулган жана аны күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери коштоп кетишкен. Болот Темиров Орусияга депортацияланган.
Темиров сот өкүмүн бийликтин өч алуу аракети катары баалап, ал Кыргызстандын жараны экенин, шаардык сот мыйзамсыз чечим чыгарганын айткан.
Сүрөт: Интернет булактарынан




