Али Хаменеинин жесири Мансуре Хожасте тирүү экенин Fars агенттиги жазды
- 3 месяца мурун
Ирандын мурдагы руханий лидери Али Хаменеинин жесири Мансуре Хожасте тирүү экенин Ирандын Fars агенттиги жазды.
Буга чейин Мансуре Хожасте көз жумду деген маалымат жарыяланган.
“Каза болгон революциялык лидердин жесири тирүү. Анын каза болгондугу тууралуу баштапкы маалымат туура эмес болгон” деп билдирди Fars агенттиги.
Буга чейин Ирандын руханий лидери Али Хаменеинин аялы Мансуре Хожасте каза тапты деп маалымдалган. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.
Али Хаменеи каза тапкан соккуда анын аялы Мансуре Хожасте жарадар болгондуг айтылган.
АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын руханий лидери Али Хаменеи көз жумганын Truth Social баракчасына жазган. Ирандын руханий башчысы Али Хаменеи өлтүрүлгөнүн Ислам революциясынын сакчылар корпусу тастыктаган.
86 жаштагы руханий башчы Али Хаменеинин сөөгү 28-февралда, ишемби күнү, эртең менен Тегерандагы анын резиденциясынан, урандылар алдынан табылганы айтылды. Хаменеи Иранды 1989-жылдан бери башкарып келген.
Fars News Agency маалымат агенттиги соккуда Али Хаменеинин кызы, күйөө баласы, небереси жана келини каза болгонун билдирген.
Ирандын жогорку жаңы лидери болуп аятолла Сеййед Можтаба Хаменеи шайланды.
28-февралда Израилдин Куралдуу күчтөрү Иран аймагына сокку урду. Израилге АКШ да кошулду.
Иран жооп катары Израилге ракета соккусун урду, ошондой эле АКШнын Бахрейн, Кувейт, Катар жана Бириккен Араб Эмираттарындагы аскер базасына чабуул койду. Израилде өзгөчө абал жарыяланды. АКШ жана Израил соккусунан кийин Иран Израилге жана Перс булуңундагы өлкөлөргө чабуул койду.
Дубайда жана Катардын борбору Доха шаарында, Израилдин ири шаары Тель-Авивде жарылуулар орун алды.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




