Иранда Boeing 737 учагы кырсыктады
- 4 недели мурун
- Видео, Жаңылыктар
Иранда 15-сентябрда Мешхед шаарынан Керманшах шаарына учуп бара жаткан Boeing 737 учагынын дөңгөлөгү жарылып, кийинчерээк кыймылдаткычы да иштебей калганы тууралуу маалымдалган.
Аталган Boeing 737 учагы Sepehran Airlines авикомпаниясына таандык болгон. Учак Ирандын Мешхед аэропортуна авариялык абалда конгон.
Бул тууралуу Fararu агенттиги билдирген.
Учак Мешхед шаарынан Керманшах шаарына багыт алган. Баштапкы маалымат боюнча, учаар алдында учактын дөңгөлөгү жарылган жана кыймылдаткычынын бири иштен чыккан болушу ыктымал. Учкуч авариялык абал жарыялап, Мешхад шаарынын аэропортуна кайтып келген.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!




