Ирандын жогорку жаңы лидери болуп Можтаба Хаменеи шайланды  

  • 1 месяц мурун

Ирандын жогорку жаңы лидери болуп аятолла Сеййед Можтаба Хаменеи шайланды.

Жаңы лидер болуп Можтаба Хаменеи шайланганы тууралуу Ирандын Эксперттер ассамблеясы 8-мартт билдирүү таратты.  

Анда Ирандын үчүнчү Жогорку лидери катары аятолла Сеййед Можтаба Хоссейни Хаменеи дайындалдалганы жана тааныштырылганы айтылды.

Жогорку лидер катары Можтаба Хаменеи мамлекеттеги бардык маселелер боюнча чечим кабыл алуу укугуна, бардык ыйгарым укуктарга ээ болот.

Израилдин коргоо министри Исраэл Кац Ирандын жаңы лидери ким болсо да, бутага алынарын Х тармагында билдирди.

“Ирандын террористтик уюму тарабынан дайындалган кайсы гана лидер болбосун, Израилди жок кылуу планын ишке ашырууну улантууга, Америка Кошмо Штаттарына коркунуч келтирип, дүйнө эркиндигине жана аймактагы өлкөлөргө коркунуч келтирүү планын ишке ашырууга бел байлап, иран элин эзет, ошондуктан ал жок кылуу үчүн бута болот” деп билдирди Израилдин коргоо министри.

АКШнын президенти Дональд Трамп жаңы тандалган лидер АКШнын макулдугусуз “узакка кармала албайт” деп эскерткен.

Буга чейин Али Хаменеинин уулу Можтаба Хаменеи Ирандын руханий лидери болуп, 88 дин ишмеринен турган кеңеш тарабынан шайланганын DW басылмасы жеке булактарынын айтымында билдирген. Можтаба Хаменеини руханий лидер кылып шайлоо Ислам революциясынын сакчылар корпусунун кысымы менен болгону айтылды.  

АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын руханий лидери Али Хаменеи көз жумганын Truth Social баракчасына жазды. Ирандын руханий башчысы Али Хаменеи өлтүрүлгөнүн Ислам революциясынын сакчылар корпусу тастыктаган.

86 жаштагы руханий башчы Али Хаменеинин сөөгү 28-февралда, ишемби күнү, эртең менен Тегерандагы анын резиденциясынан, урандылар алдынан табылганы айтылды. Хаменеи Иранды 1989-жылдан бери башкарып келген.

28-февралда Израилдин Куралдуу күчтөрү Иран аймагына сокку урду. Израилге АКШ да кошулду.

Иран жооп катары Израилге ракета соккусун урду, ошондой эле АКШнын Бахрейн, Кувейт, Катар жана Бириккен Араб Эмираттарындагы аскер базасына чабуул койду. Израилде өзгөчө абал жарыяланды. АКШ жана Израил соккусунан кийин Иран Израилге жана Перс булуңундагы өлкөлөргө чабуул койду.

Сүрөттө: Али Хаменеинин уулу Можтаба Хаменеи. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты