АКШ менен Иран тынчтык келишимине кол койду
- 2 месяца мурун
АКШнын президенти Дональд Трамп Иран менен өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол койду. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.
Тынчтык келишимине Трамп Версалдагы кечки тамактануу учурунда кол койду. АКШнын президенти Дональд Трамп Фарнцияга “Чоң жетилик” мамлекеттеринин саммитине барган.
Франциянын президенти Эммануэл Макрон жарыялаган видеодо Трамп документке кол коюп жатып “Бул оңой болгон жок” деп айтканы угулат.
Le Président Trump a signé ce soir à Versailles l’accord entre l’Iran et les États-Unis.
— Emmanuel Macron (@EmmanuelMacron) June 18, 2026
Cet accord ouvre la voie à une paix durable et permet la réouverture du détroit d’Ormuz.
C’est un pas important dans la bonne direction pour nos compatriotes… pic.twitter.com/b1XgZrBv0m
28-февралда Израилдин Куралдуу күчтөрү Иран аймагына сокку урду. Израилге АКШ да кошулду.
Иран жооп катары Израилге ракета соккусун урду, ошондой эле АКШнын Бахрейн, Кувейт, Катар жана Бириккен Араб Эмираттарындагы аскер базасына чабуул койду. Израилде өзгөчө абал жарыяланды. АКШ жана Израил соккусунан кийин Иран Израилге жана Перс булуңундагы өлкөлөргө чабуул койду.




