АКШ менен Иран ок атууну токтотуу меморандумуна электрондук түрдө кол койду
- 4 недели мурун
CNN каналы расмий адамдардын айтуусу боюнча билдиргендей, АКШнын президенти Дональд Трамп жана вице-президенти Жей Ди Вэнс Иран менен өз ара түшүнүшүү боюнча меморандумга кол койду.
Иран тараптан документке парламенттин төрагасы Мохаммед Багер Галибаф кол койгону айтылат.
Кол коюу электрондук түрдө болгонун журналисттер кабарлады. Ал эми меморандумга расмий түрдө кол коюу аземи 19-июнда Женева шаарында өтөрү кабарланды.
Дональд Трамп Жакынкы Чыгыштагы абал жөнгө салынгандан кийин Россия-Украина жаңжалын токтотууга аракет көрүлөрүн билдирди. 14-июнда Дональд Трамп Владимир Зеленский жана Владимир Путин менен телефондон сүйлөшүп, жылуу маанайда өткөнүн белгиледи.
АКШ менен Иран ал меморандумда салгылашууну 60 күнгө токтотууну жана кемелердин өтүшү үчүн Ормуз кысыгын ачуу каралганы айтылууда.
Сүрөт: Интернет булактарынан




