Кыргызстан АКШ менен Ирандын тынчтык келишимге жетишүүсүн кубаттай турганын билдирди
- 2 месяца мурун
Кыргызстан АКШ менен Ирандын тынчтык келишимге жетишүүсүн кубаттайт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 18-июнда Фейсбук баракчасына жазды.
“Бардык катышкан тараптарга, анын ичинде ШКУга мүчө мамлекет Пакистанга – активдүү ортомчулук аракеттери үчүн, ошондой эле тийиштүү бардык тараптарга бул натыйжага жетишүүгө салым кошкон токтоолугу үчүн ыраазылык билдиребиз. БУУнун Уставынын жана эл аралык укуктун жалпыга таанылган нормаларына негизделген пикир келишпестиктерди саясий-дипломатиялык жол менен гана жөнгө салууну ырааттуу жактап, Кыргыз Республикасы келишимге расмий кол коюу аймакта туруктуу жана узак мөөнөттүү тынчтык орнотууга салым кошот деп үмүттөнөт” деп жазды Алагөзов.
АКШнын президенти Дональд Трамп Иран менен өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол койду. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.
Тынчтык келишимине Трамп Версалдагы кечки тамактануу учурунда кол койду. АКШнын президенти Дональд Трамп Фарнцияга “Чоң жетилик” мамлекеттеринин саммитине барган.
28-февралда Израилдин Куралдуу күчтөрү Иран аймагына сокку урду. Израилге АКШ да кошулду.
Иран жооп катары Израилге ракета соккусун урду, ошондой эле АКШнын Бахрейн, Кувейт, Катар жана Бириккен Араб Эмираттарындагы аскер базасына чабуул койду. Израилде өзгөчө абал жарыяланды. АКШ жана Израил соккусунан кийин Иран Израилге жана Перс булуңундагы өлкөлөргө чабуул койду.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




