Жакынкы Чыгыш окуялары жана анын таасирлери. Элчи менен пикир алышуу
- 2 месяца мурун
Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков 22-апрелде Ирандын Кыргыз Республикасындагы элчиси Голамхоссейн Ядегари менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Жакынкы Чыгышта болуп жаткан окуялар жана алардын Борбор Азия чөлкөмүнө тийгизген таасири, ошондой эле эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелер жана ШКУнун алкагында аймактык коопсуздукту камсыздоо боюнча кызматташуу тууралуу пикир алмашуу болду.
Адилет Орозбеков жана Голамхоссейн Ядегари муну менен бирге Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын алдыдагы 21-жолугушуусуна карата даярдыктарды талкуулашты.
Сүрөт: president.kg
Муну бөлүшүү




