Төрага Марлен Маматалиев Иранга Аятолла Хаменеини акыркы сапарга узатууга барды
- 2 недели мурун
Бүгүн, 3-июлда, Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Тегеран шаарында аталган өлкөнүн Ислам кеңешинин мажлисинин төрагасы Мохаммад-Багер Галибаф менен жолугушту.
Жолугушуу Ирандын жогорку лидери Аятолла Сейед Али Хаменеини акыркы сапарга узатуу зыйнатынын алкагында уюштурулган.
Марлен Маматалиев Мохаммад-Багер Галибафка Ирандын Жогорку лидери Аятолла Сейед Али Хаменеи жана Жогорку Улуттук Коопсуздук кеңешинин катчысы Али Лариджани баштаган саясий ишмерлердин каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтып, аскердик аракеттерден улам мерт кеткен ирандыктардын да жалпы жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшөрүн билдирди.
«Биз Жакынкы Чыгыштагы чыңалууга жана Иранда жаралган кырдаалга у тынчсыздануубузду билдирип келебиз. Андыктан жаңжалга катышкан бардык тараптарды эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин сактоого, сабырдуулукту көрсөтүүгө, кырдаалды мындан ары курчутуучу аракеттерден карманууга жана бардык талаш маселелерди саясий-дипломатиялык жол менен жөнгө салууга чакырабыз» деди төрага.
Кыргыз тарап Иран менен АКШнын ортосундагы меморандумга кол коюлушун чыңалууну басаңдатууга жана саясий-дипломатиялык жөнгө салуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган маанилүү кадам катары баалай тургандыгын Марлен Маматалиев белгиледи.
Өз кезегинде Ирандын Ислам кеңешинин мажлисинин төрагасы Мохаммад-Багер Галибаф кыргыз элинин атынан аза кайгыларын тең бөлүшүп, Жогорку Лидерди узатууга барган төрага Марлен Маматалиевге ыраазычылыгын билдирди.
Муну менен бирге өлкөсүндөгү соңку кырдаал жана жетишилген макулдашуулар тууралуу да учкай кеп кылды.
Андан тышкары жолугушууда тараптар кыргыз-иран кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча да ой бөлүшүп, быйыл Бишкек шаарында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун жыйындары тууралуу да пикир алмашты.
Аятолла Хаменеини акыркы сапарга узатуу зыйнаты ушул жумада өтмөкчү.
Төрт ай мурда АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын руханий лидери Али Хаменеи көз жумганын Truth Social баракчасына жазды. Ирандын руханий башчысы Али Хаменеи өлтүрүлгөнүн Ислам революциясынын сакчылар корпусу тастыктаган.
86 жаштагы руханий башчы Али Хаменеинин сөөгү 28-февралда, ишемби күнү, эртең менен Тегерандагы анын резиденциясынан, урандылар алдынан табылганы айтылды. Хаменеи Иранды 1989-жылдан бери башкарып келген.
28-февралда Израилдин Куралдуу күчтөрү Иран аймагына сокку урду. Маалыматтарга караганда, Израил аба мейкиндигин жаап, өзгөчө кырдаал режимин жарыялады. АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга каршы ири аскердик операция башталганын билдирди. Ал Truth социалдык тармагына жарыялаган видеосунда Кошмо Штаттар ракеталык соккуларга түздөн-түз катышып жатканын ырастады.
Иран жооп катары Израилге ракета соккусун урду, ошондой эле АКШнын Бахрейн, Кувейт, Катар жана Бириккен Араб Эмираттарындагы аскер базасына чабуул койду.
Сүрөт: kenesh.kg




