Ирандын руханий лидери Али Хаменеинин аялы каза тапты

  • 7 дней мурун

Ирандын руханий лидери Али Хаменеинин аялы Мансуре Ходжасте каза тапты. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.

Али Хаменеи каза тапкан соккуда анын аялы Мансуре Ходжасте жарадар болгон.

АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын руханий лидери Али Хаменеи көз жумганын Truth Social баракчасына жазган. Ирандын руханий башчысы Али Хаменеи өлтүрүлгөнүн Ислам революциясынын сакчылар корпусу тастыктаган.

86 жаштагы руханий башчы Али Хаменеинин сөөгү 28-февралда, ишемби күнү, эртең менен Тегерандагы анын резиденциясынан, урандылар алдынан табылганы айтылды. Хаменеи Иранды 1989-жылдан бери башкарып келген.

Fars News Agency  маалымат агенттиги соккуда Али Хаменеинин кызы, күйөө баласы, небереси жана келини каза болгонун билдирген.

28-февралда Израилдин Куралдуу күчтөрү Иран аймагына сокку урду. Израилге АКШ да кошулду.

Иран жооп катары Израилге ракета соккусун урду, ошондой эле АКШнын Бахрейн, Кувейт, Катар жана Бириккен Араб Эмираттарындагы аскер базасына чабуул койду. Израилде өзгөчө абал жарыяланды. АКШ жана Израил соккусунан кийин Иран Израилге жана Перс булуңундагы өлкөлөргө чабуул койду.

Дубайда жана Катардын борбору Доха шаарында, Израилдин ири шаары Тель-Авивде жарылуулар орун алды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты