Акыйкатчы институтунун кызматкерлери абактагы Рита Карасартованын абалы менен таанышты
- 2 месяца мурун
Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Бишкектеги СИЗО-1 убактылуу абак жайында жаткан аялдардын ал-абалы менен таанышты.
Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.
Институттун кызматкерлери укук коргоочу Рита Рахман (Карасартова) менен да жолугушуп, маектешти. Аны менен чогуу камерада дагы үч аял кармалып турат. Рита Карасартова кармоо шарттарына жана мекеме кызматкерлеринин аракеттерине даттанган жок.
Бирок, мурдагы камактагы мезгилинде саламаттыгына зыян келгени жөнүндө айтып, жакында эле операция болгонун жана учурда медициналык кароого муктаж экенин билдирди.
Мониторингдин жыйынтыгында №21 мекеменин медициналык пунктуна абактагыларга тийиштүү медициналык жардам көрсөтүү боюнча сунуштар берилди.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Жаза аткаруу кызматынын жетекчилигин СИЗО-1де зарыл болгон медициналык жардамдарды көрсөтүүгө шарт түзүүгө жана абактагылардын саламаттыкты сактоо укуктарын камсыздоого чакырды.
Акыйкатчы белгилегендей, “Кылмыш жасоого шек саналып же айыпталып кармалган адамдарды кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө” мыйзамдын 23-беренесине ылайык, тергөө абактарындагы дарылоо-профилактикалык жана санитардык-эпидемиологиялык иштер Кыргыз Республикасынын “Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” мыйзамына ылайык жүргүзүлүшү керек.
СИЗО-1 жетекчиси белгилүү укук коргоочу Рита Карасартовага операциядан кийинки тигиштерин алдыруу үчүн клиникага алып чыгууга уруксат берген жок. Бул тууралуу анын кызы, Фейсбук колдонуучу Kasiet Mamyrbay билдирди.
Жаза аткаруу кызматы Kloop агенттигине Рита Карасартованын адвокаты кайрылып, Карасартованы жеке стоматологилык борборго лперация жасап, имплант салгандан кийин, анын тигиш жиптерин алуу үчүн барууга арыз менен кайрылганын билдирди. Жаза аткаруу кызматы медициналык мекеме менен сүйлөшкөндөн кийин аны дарылоочу врачка алып баруу пландалып жатканын айткан.
Белгилүү укук коргоочу Рита Карасартованын бөгөт чарасы Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда 17-апрелге караган түнү каралды. Сот Рита Карасартованы 2025-жылдын 12-майына чейин камакка алуу чечимин чыгарды.
Ушул эле күнү Свердлов райондук сотунда Рита Карасартованын кармалышы негиздүү, бирок мыйзамсыз деп табылды.
Буга чейин Рита Карасартова 15-апрелде 48 саатка камакка алынган. Укук коргоочуну Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы суракка алып кеткени маалым болгон. Ошондой эле анын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп жатканы кабарланган.
Укук коргоочу Карасартованын айтымында, анын кармалышына Тилекмат Куреновдун өзүнө жолдонгон аманат катын социалдык тармакка жарыялап койгону себеп болгон.
Анда Куренов “Азыр бир кат жиберем, эгер кармалсам же дагы бир нерсе болсом, чыгарып коюңузчу, эч кимге ишенбей калдым” деп мурда жазган катын жарыялоого убакыт келди деп жиберген. Кат БАЭде жашап жүргөн активист Куреновдун жубайына, балдарына, ата-энесине, бир туугандарына жолдогон аманаты болгон.
Укук коргоочу Карасартова массалык башаламандыкты уюштурууга катышы бар деп шектелүүдө.
14-апрелде Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Куреновго байланыштуу адамдар массалык башаламандыкка шектелип кармалганын билдирген.
19-апрелде конституциялык түзүлүштүн негиздерине каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп шектелген, эл аралык издөөдө жүргөн К.у.Т. (Кудайберген уулу Тилекмат — Куренов-ред.) аттуу КР жараны БАЭден кармалып, Кыргызстанга жеткирилди.
Сүрөт: СИЗО-1. Акыйкатчы институту