Аялдын өзүнө өзү өрт коюшу: Акыйкатчы маркумдун кызынын ишин көзөмөлгө алды
- 3 месяца мурун
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Ак-Суу районунда болгон каргашалуу окуя жана турмуштук оор кырдаалга кабылган 16 жаштагы кыздын ишин өз көзөмөлүнө алды.
Акыйкатчы укук коргоо органдарын бул ишти тыкыр иликтеп, калыс укуктук баа берүүгө чакырат. Андан сырткары, төрт баланын энесинин өлүмүнө байланыштуу текшерүү жүргүзүү зарылдыгын белгилейт. Балдарынын укуктарын коргоо жана аларга социалдык көмөк көрсөтүү боюнча комплекстүү чараларды көрүүгө чакырат.
Жергиликтүү бийликтин жана укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, өспүрүм кыз М.Ж.нын 16 жумалык боюнда бар. Райондук ички иштер башкармалыгынын маалыматында, 25-февраль күнү кыздын боюнда бар экени боюнча ооруканадан кабар түшкөндөн кийин милицияга чакырылган. Бирок апасы суракка катышуудан баш тартып, суу сатып келүү үчүн дүкөнгө чыгып кеткен. Анын ордуна Ак-Суу райондук үй-бүлөнү жана балдарды коргоо башкармалыгынын кызматкеринин катышуусунда сурак жүргүзүлгөн. Аял Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн унаа токтотуучу жайында өзүнө өзү өрт коюп жиберип, алган жаракаттарынан улам ооруканада каза болгон. Маркум 40 жашта болгон.
26-февралда Акыйкатчы институтунун Ысык-Көл облусу боюнча өкүлү балдарга барып кабар алып келди. Үй-бүлө Ак-Суу районунда жашайт. 16 жаштагы М.Ж. үй-бүлөнүн улуусу, кесиптик лицейде окуйт. Анын 15 жана 6 жаштагы эки сиңдиси жана 14 жаштагы иниси бар.
Аз камсыз болгон үй-бүлө катары каттоодо турган. Апасы балдарына 2018-жылдан бери жөлөкпул алып келген.
Жергиликтүү бийлик органдарынын маалыматы боюнча, кайрымдуулук фонддордун жардамы менен өткөн жылы жалгыз бой энеге үй салынып берилген. Ошондой эле айыл өкмөтү да материалдык жардам көрсөтүп турган. Балдардын ата-энеси ажырашып кетип, аял 4 баланы жалгыз тарбиялап келген.
Учурда балдар таежесинин камкордугунда. Жакынкы убакта мамлекет расмий камкорчу маселесин чечет. Кош бойлуу өспүрүм кыз да учурда туугандары менен үйүндө.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 1985-жылы туулган М.А. аттуу аял өзүнө өзү бензин чачып, өрт коюп, көз жумган. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Сүрөт: Акыйкатчы институту




