Акыйкатчы институту Таласта жумушчулардын укугун коргоого, кайра ишке орношууга жардам берди
- 4 месяца мурун
Талас облусунун тургундары Акыйкатчы институтуна кайрылып, эмгек укуктарын коргоп берүүнү өтүнүшкөн. Алардын эмгекке болгон укуктары корголуп, кайра ишке орношту.
Акыйкатчы институтунун маалыматы боюнча, арызга колгон койгон 21 кишинин кайрылуусунда, алар 5-16-январь аралыгында Талас шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания куруп жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушунда иштешкен.
Жумушчулардын айтымында, аларды 16-январда эч кандай жүйөөсү жок эле иштен кетирип, ордуна коңшу өлкөнүн 60ка жакын жаранын алышкан.
“Бизди жумушка алганда эмгек келишими түзүлгөн эмес. Бирок жумушка чыгуу журналы жүргүзүлүп турган, ошондой эле фото жана видео далилдерибиз бар. Биз Акыйкатчыдан эмгекке болгон укуктарыбызды коргоп, кайра жумушка орношууга көмөк көрсөтүп берүүнү суранабыз”д еп жазышкан алар кайрылууда.
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын институтка берген жообунда алар үйлөрдүн курулушуна буюртма берүүгө гана жооптуу экенин, ал эми курулуш иштерин мамлекеттик “Кыргызстройсервис” ишканасы жүргүзөрүн билдирген.
Ал арада үйдү куруп жаткан менчик компания алмашып, мурдагы ишкана январь айында ишин жыйыктыктап, курулушту улантууга башка ишкана тартылган.
Акыйкатчы институтунун кайрылуусунан кийин азыркы компания тиешелүү квалификациясы жана тажрыйбасы бар жергиликтүү тургундарды жумушка алууга макул болгон. Февраль айында арыз ээлери кайрадан жумушка алынганын маалымдап, көрсөтүлгөн көмөк үчүн Акыйкатчы институтуна ыраазычылык билдиришти.
Сүрөт: Акыйкатчы институту тараткан




