Акыйкатчы институту балдар үйүндө жашаган кызга 518 миң сом жөлөкпул өндүрүп берди
- 4 недели мурун
Акыйкатчы институту Чүй облусундагы балдар үйүнө 2025-жылдагы мониторинг жасоо учурунда жетим балдардын айрымдары мамлекеттен жөлөк пул албаганын ырастаган. Учурда жөлөкпул албай келген кызга 518 миң сом өндүрүлүп берилди.
Бул тууралуу Акыйктчы институту билдирди.
2008-жылы туулган М.Б. аттуу кыз бир тууганы менен бирге ата-энеси каза болгондон тартып, 2017-жылдан бери Чүй облусундагы балдар үйүндө жашайт. Анын майыптыгы боюнча 2015-жылы медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) кароосунан өткөрүлүп, психиатрдын көзөмөлүндө болуусу жана инклюзивдик программа менен окуусу сунушталып, социалдык жөлөкпул чегерүү чечими кабыл алынган. Бирок кыз балдар үйүнө которулгандан кийин, 2017-жылы МСЭКтин күбөлөндүрүүсүнөн кайра өтпөгөндүктөн жөлөкпул чегерүү токтотулган.
8 жыл аралыгында аны кайра комиссиянын кароосунан өткөрүү боюнча аракеттер көрүлгөн эмес.
АкыйкатчыЖамиля Жаманбаева Башкы прокуратурага жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине калктын аярлуу катмары болгон жетим балдардын укуктарынын так сакталышына көзөмөлдү күчөтүүнү жана М.Б.га албай калган жөлөкпулду өндүрүп берүүнүү сунуштап расмий кат жолдогон.
Териштирүүнүн жыйынтыгы менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жогоруда көрсөтүлгөн кемчиликтерге жол берген жооптуу кызматкерлерине тартиптик чара көрүлдү. Жөлөк пул калыбына келтирилип, жалпысынан 518 миң сом кыздын депозиттик эсебине которулат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




