Акыйкатчы институту «Кадамжай” чек ара заставасында жоокерлерге сапатсыз азык-түлүк берилип жатканын билдирди
- 1 месяц мурун
Акыйкатчы институту Баткен облусунун “Кадамжай” чек ара заставасында күнүмдүк даярдалган тамак-аштан милдеттүү суткалык пробалар алынбагандыгын, азык-түлүк кампасында кыска мөөнөттө сакталуучу азыктардын эрежелери бузулуп, алардын жараксыз абалга келе баштаганын аныктады.
Акыйкатчы институту билдиргендей, алгачкы мониторингдин жүрүшүндө азык-түлүк сактоочу кампада жана ашканада санитардык-эпидемиологиялык талаптар бузулгандыгы аныкталып, жооптуу кызмат адамдарына буга чейин, оозеки эскертүүлөр берилген. Аймактык өкүлчүлүктүн кызматкерлери аталган чек ара заставасына кайрадан текшергенде мурда аныкталган мыйзам бузуулардын айрымдары дагы деле жоюлбаганы белгилүү болду.
Маалыматта айтылгандай, күнүмдүк даярдалган тамак-аштан милдеттүү суткалык пробалар алынбагандыгы, эле азык-түлүк сактоочу кампада кыска мөөнөттө сакталуучу помидор жана бадыраңды сактоо эрежелери бузулуп, алардын жараксыз абалга келе баштаганы аныкталды.
Бул жагдайлар аскер кызматкерлеринин саламаттыгына коркунуч келтирип, «Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» мыйзамынын 57-беренесинин талаптарын бузары белгиленди.
Чек ара заставасынын имараты эскилиги жетип, капиталдык оңдоого муктаж абалда. Жоокерлер мончосу санитардык-гигиеналык талаптарга жооп бербей турганы маалым болду.
Аныкталган мыйзам бузуулардын негизинде Акыйкатчы институту Мамлекеттик чек ара кызматынын 2023 аскер бөлүгүнүн жетекчилигине санитардык-эпидемиологиялык кемчиликтерди жана мыйзам бузууларды тез арада четтетүү, жооптуу кызмат адамдарынын тартиптик жоопкерчилигин кароо боюнча сунуштама жөнөткөн.
Анын жыйынтыгында кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн чек ара заставасынын башчысына эскертүү, жумушуна кайдыгер мамиле жасагандыгы үчүн 4 аскер кызматкерине сөгүш берилгени маалым болду.
Акыйкатчы институту 2026-жылдын алты ай аралыгында жалпы республика боюнча 38 аскер бөлүктөрүнө мониторинг жүргүзгөн.
Сүрөт: Акыйкатчы институту




