Абактан кат: Темирлан Султанбеков президент Жапаровго кайрылуу жасап, сотту ачык өткөрүүнү суранды  

Камактагы саясатчы Темирлан Султанбеков президент Садыр Жапаровго кайрылып, сотту ачык өткөрүүнү суранды. Кайрылуу кат Темирлан Султанбековдун Фейсбук баракчасына жарыяланды.

“Урматтуу Садыр Нургожоевич! Биздин жолугушууларыбызда жана маектерибизде мен эч качан башкалар сыяктуу сизден кызмат орду, акча же өз партиям үчүн атайын шарт сураган эмесмин. Менин суранычым бир гана өлкө жана элим үчүн болгон. Сиз жана сиздин командаңыз элдин көйгөйлөрүн чечүүдөгү биздин кайрылууларыбызды көп жолу чечип бергениңиз үчүн ыраазымын. Жакында менин туулган күнүм жана мен биринчи жолу сизден бир нерсе сурагым келет. Албетте, адилеттүү сотту сурай алышым мүмкүн эмес, себеби бул чач тарачтан жүрөккө операция жасоону сурагандай эле нерсе. Мен бизге козголгон иште соттун ачык болушун гана суранам” деди Султанбеков.

-Урматтуу Садыр Нургожоевич! Эгер мен башка саясатчылардын адатын кайталабай, сизден ырайым сурап, жүрөгүңүздү козгоого аракет кылбасам, муну катуулук же текеберчилик деп эсептебеңиз. Менин да, башкалардай эле, сиздин алдыңызда ыйлап туруп, коомдун боорукерлигин козгоого аракет кыла алган туугандарым, жакындарым жана досторум бар. Сиздин мындай көрүнүштөргө болгон көз карашыңызды билем, бирок кыргыз рухун уятка калтырып, ушундай ылайыксыз жүрүм-турумга өзумө жол бербейм. Мен ар дайым намысты өмүр же эркиндик үчүн курмандыкка чалууга болбойт деп айтып келем,- деди Темирлан Султанбеков.

-Сиздин президенттик мезгилиңизде мен 1 жыл 10 ай үй камагында, 7 ай пробациялык көзөмөлдө, 1 жыл 3 ай СИЗОдо камакта болдум, мен сизге ушул жерден жазып жатам. Куугунтуктоо жана камакка алуулар менин командама кедергесин тийгизди: камакка менин орун басарларым, аппаратымдын жетекчилери, кеңешчилерим, катчыларым, ал тургай айдоочум да дуушар болду, алтургай жардамчы-ассистентиме да кылмыш иши козголду.

Мага болгон басым-кысым муну менен бүткөн жок, ал үй-бүлөмө да жетти. Туугандарым мамлекеттик кызматтан бошоп кетишти. Жакында эле Сиздин администрацияңыздын маалымат саясаты бөлүмүнүн жетекчиси Д. Орунбеков «атуу тизмесин» жарыялады, ал тизмеде апам жана карындашымдын аттары да аталган. Милиция кызматкерлери 12 жаштагы инимдин телефонун жана планшетин күч менен тартып алышып, 10 айдан бери кайтарышпады. Акырында кырдаал күлкүлүү деңгээлге жетти, жадакалса мышыгымдын паспортун жана ветеринардык китепчесин алышып, кайра кайтарышпаптыр — бул тергөөнүн иши беле?-деп жазды Темирлан Султанбеков.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Эрмек Эрматов, Кадырбек Атамбаев жана Темирлан Султанбековдун камактагы мөөнөтүн 19-августта дагы эки айга узартты.

Буга чейин Ички иштер министрлигине 1998-жылы туулган Темирлан Султанбеков массалык баш аламандык уюштурууга жана бийликти алмаштырууга чакырык жасап жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат түшкөндүгү жана Султанбеков кармалгандыгы кабарланган. ИИМ маалымат менен бирге үч киши сүйлөшүп отурган видео тасманы тараткан. Видеодон “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековду дагы көрүүгө болот.

 Ички иштер министрлиги (ИИМ) массалык башаламандыкты уюштурууга даярдык көрүүгө шектелген адамдардын тобу кармалгандыгын 2025-жылы 22-ноябрь түнү билдирди.

Кармалгандардын арасында Темирлан Султанбеков, Кадырбек Атамбаев, Шайлообек Атазов, Кубанычбек Кадыров, Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Дамир Мусакеев, Урмат Барктабасов, Эрмек Эрматов ж.б. бардыгы он адам. Аларга кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүгү (зомбулук, талкалоо, өрттөө ж.б. коштолгон массалык баш аламандыкты уюштурууга даярдык көрүү) боюнча айыбы угузулуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кийинчерээк Кубанычбек Кадыров менен Шайлообек Атазов үй камагына чыгарылган. Дамир Мусакеев да эч жакка кетпөө кепилдиги менен абактан бошотулган.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты