Абактагы ишкер Имамидин Ташов президентке кайрылуу кат жолдоду
- 4 часа мурун
- Баяндар, Жаңылыктар
Абактагы ишкер Имамидин Ташов президент Садыр Жапаровго кайрылуу кат жолдоду. Кайрылуууда ишкер камалып жаткан иштин жагдайын түшүндүрүп, бул иште ал УКМК кызматкерлеринин курмандыгы болуп калгандыгын белгилеген.
-Менин кайрылуумдун себеби, Сиздин 2026-жылы 12-октябрда мен төрөлүп-өскөн Кадамжай жергесине барып, калың элдин алдында менин кылмыш ишим тууралуу чындыкка дал келгис, туура эмес маалымат бергениңиз себеп болду. Адегенде сиз айткан үч маселени тизмектесем.
Биринчи, Көлбаевдин балдарына 450 миң АКШ долларлык квартира жана башка мүлк бергендигимди айттыңыз. Урматтуу, президент мырза, ушул 44 жашыма келип бир да кылмыш дүйнөсүнүн өкүлүнө бир сом берген адам эмесмин жана алар менен мамиледе болуп эч качан иш кылбагандыгымды жоопкерчиликтүү айта кетейин. Мени соттогон кылмыш иште 450 миң АКШ долларлык мүлк берген адам жок, алган адам жок, алган же берип жаткан учурда кармалган жан жок. Эң кызыгы 450 миң АКШ доллар деген сөз да, сумма да, мойнума койгон далил да жок.
Экинчи: “Чек араны бузду” дедиңиз. Ал маселе боюнча башында тергөөчү жакшы эле кооздоп, токуп аракет кылган. Бирок сотто өздөрү уят болуп, ал берене боюнча далилдердин жоктугунан сот мени толугу менен актаган.
Үчүнчү: Президенттик шайлоода болгону 120 миң доллар короткондугум тууралуу бүтүн документтер жана квитанциялар бар экендигин баса белгилеймин. Республика боюнча бир да банер илбей, телевизордон эфир сатып албай ,элдин жакшы эле колдоосуна ээ болуп, элге дайым таазим этээримди билдире кетемин.
Мен өз чындыгым үчүн аппарат ( полиграф, жалганды аныктоочу детектор) аркылуу текшерүүдөн өтүүгө да даярмын. Акыркы 2 жылда мага карата кылмыш ишин колдон келишинче кооздоп токуп, мен тааныбаган казак жаранын ишке кошууга аракеттенишип, Т.Куренов менен тааныштырышып, мени кыйнап коркутуп, сүйлөштүрүп аягында бийликти басып алууну мойнума алдырышканы аракет кылып, токко отургузду. Мен баарын Кудайга салдым. Убакыт жана тарых бүгүн болбосо, келечекте өз баасын берет. Түрмөлөрдө кыйноолордон майып болуп калгандарды, иштери токулуп менен камалгандарды, жалган-жалаа менен далилсиз соттолгондорду көрүп, жалгыз эместигиме ишендим, -деп жазат Имамидин Ташов кайрылуу катында.
УКМК тарабынан жүргүзүлгөн коопсуздук чараларынын натыйжасында 2024-жылы 22-апрелде Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды айылында бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп издөөдө жүргөн кыргыз жараны Имамидин Ташов кармалган.
«Ташов Кыргызстан жана Казакстандын мамлекеттик чек араларын Алматы шаарынан Кара-Балта шаарына чейин мыйзамсыз кесип өтүп, бийликти басып алуу максатында каршылык акциясын өткөрүү үчүн күчтөрдү бириктирүү боюнча убактылуу штаб уюштурууну пландап жаткан жеринен кармалды» деп айтылат УКМК маалыматында.
2023-жылдын 26-октябрында тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча, жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде «О» ЖЧКсынын ээси Имамидин Ташов кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалган.
“Ар кандай нерсе менен коркутуп көрүштү. Ноябрь айында да мага илешкис иштерди токуп, отуруп, камап да көрүштү, 52 миллион төктүрүштү” деген Имамидин Ташов.
Сүрөт: 14-январь 2025-жыл. «ПолитКлиника»




