Темирлан Султанбеков 7 жылга, Кадыр Атамбаев 4 жылга эркинен ажыратылды

Бүгүн, 8-октябрда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Социал-демократтар партиясыын лидери Темирлан Султанбековдун, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаевдин жана башкалардын “массалык башаламандыктарды уюштуруу жана бийликти басып алуу иши” боюнча соттук териштирүү уланды.

Биринчи май райондук сотунун чечимине ылайык, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев Кылмыш-жаза кодексинин «Бийликти күч менен басып алуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 4 жылга соттолду.

Саясатчы Темирлан Султанбеков «Бийликти күч менен басып алуу» боюнча күнөөлүү деп табылып, мүлкү конфискациялануу менен 7 жылга кесилди.

Эрмек Эрматов «Кылмышты жашыруу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, бир жылдык пробация берилди.

Саясатчы Кубанычбек Кадыров акталып, эркиндикке чыкты.

Казакстандын жараны Абдурахим Абдрахманов 8 жылга эркинен ажыратылды. Казакстандын жараны Серикбай Кабыланбек бир жыл тогуз айга эркинен ажыратылды, бирок тергөө учурунда жаза мөөнөтүн өтөп койгондуктан, камактан бошотулду.

Буга чейин прокурор “Социал-демократтар” саясий партиясынын камактагы лидери Темирлан Султанбековду  9 жылга, (7 жыл жана 6 ай, ал эми өтөлбөгөн мөөнөтүн эсептегенде 9 жыл), мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу, партиянын лидерлеринин бири Кадыр Атамбаевди 7 жыл 6 айга, Эрмек Эрматовду 7 жыл 6 айга, Кубанычбек Кадыровду 9 жылга, Абдурахим Абдурахмановду 9 жылга, Казакстан жараны Серикбай Кабыланбекти 7 жыл 6 айга  эркинен ажыратууну суранган.

Буга чейин «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков сотту ачык өткөрүү сунушу менен президент Садыр Жапаровго кайрылган.

Ички иштер министрлигине 1998-жылы туулган Темирлан Султанбеков массалык баш аламандык уюштурууга жана бийликти алмаштырууга чакырык жасап жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат түшкөндүгү жана Султанбеков кармалгандыгы кабарланган. ИИМ маалымат менен бирге үч киши сүйлөшүп отурган видео тасманы тараткан. Видеодон “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековду дагы көрүүгө болот.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) массалык башаламандыкты уюштурууга даярдык көрүүгө шектелген адамдардын тобу кармалгандыгын 2025-жылы 22-ноябрь түнү билдирди.

Сүрөт: Социалдык тармактан. Nurbek Akbar  

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты