“Партия лидери катары жалгыз өзүм жооп берүүгө даярмын”. Абактагы Темирлан Султанбеков кайрылуу жасады
- 1 час мурун
- Баяндар, Жаңылыктар
“Социал-демократтар” партиясынын абактагы лидери Темирлан Султанбеков кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Бул тууралуу анын каты социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
Темирлан Султанбеков аны колдогон саясатчыларга жана ЖМКга ыраазылык билдирди.
Кайрылууда Темирлан Султанбеков президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген маегинде Социал-демократтар партиясынын лидеринин жана башкалардын камалышынын акыйкатсыз болгондугун жана саясий негиздери бар экенин моюнга алганын белгиледи.
-Президент Садыр Жапаров Али Токтакуновго берген маегинде биздин камалышыбыздын акыйкатсыз болгондугун жана саясий негизи бар экенин моюнга алууга аргасыз болду. Бирок камалуунун себеби боюнча Алмазбек Атамбаевди күнөөлөдү, күч органдарына жана сотторго буйрукту Алмазбек Атамбаев берген сыяктуу. Алмазбек Атамбаев бизди ушуга түртмөлөп, багыттап турган деген негизсиз. Мен 2021-жылдан, партиянын төрагасы болгондон тартып, партиянынын ички жана тышкы саясатын өзүм жүргүзөм. Мен тигиндей же мындай сүйлөө боюнча Алмазбек Атамбаевден эч кандай буйрук же сунуш алган эмесмин. Бул боюнча мен калпты аныктоочу детектордон же полиграфтан өтүүгө даярмын, -деди Темирлан Султанбеков.
Темирлан Султанбеков эгерде партияга бийликтин дооматы болсо, лидер катары өзүм жооп берүүгө даяр экенин билдирди.
«Биздин партия ар дайым мыйзамдын чегинде жана элдин кызыкчылыгы үчүн иш алып барганын лидер катары ишенимдүү айта алам. Эгерде бийликтин суроолору же дооматтары болсо, аларга жалгыз өзүм жооп берүүгө даярмын. Ирина Карамушкина, Алга Кылычов, Равшан Жээнбеков, Кадырбек Атамбаев жана Фархад Баабиевдин өмүрүн жана ден соолугун талкалоонун кереги жок. Партиянын төрагасы катары жоопкерчиликти жалгыз мен тартышым керек. Массалык террорду токтотууга чакырам»деди Темирлан Султанбеков.
8-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Социал-демократтар партиясыын лидери Темирлан Султанбековдун, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаевдин жана башкалардын “массалык башаламандыктарды уюштуруу жана бийликти басып алуу иши” боюнча соттук териштирүү уланды. Биринчи май райондук сотунун чечимине ылайык, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев Кылмыш-жаза кодексинин «Бийликти күч менен басып алуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 4 жылга соттолду. Саясатчы Темирлан Султанбеков «Бийликти күч менен басып алуу» боюнча күнөөлүү деп табылып, мүлкү конфискациялануу менен 7 жылга кесилди.
Эрмек Эрматов «Кылмышты жашыруу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, бир жылдык пробация берилди. Саясатчы Кубанычбек Кадыров акталып, эркиндикке чыкты. Казакстандын жараны Абдурахим Абдрахманов 8 жылга эркинен ажыратылды. Казакстандын жараны Серикбай Кабыланбек бир жыл тогуз айга эркинен ажыратылды, бирок тергөө учурунда жаза мөөнөтүн өтөп койгондуктан, камактан бошотулду.
Буга чейин «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков сотту ачык өткөрүү сунушу менен президент Садыр Жапаровго кайрылган.
Ички иштер министрлигине 1998-жылы туулган Темирлан Султанбеков массалык баш аламандык уюштурууга жана бийликти алмаштырууга чакырык жасап жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат түшкөндүгү жана Султанбеков кармалгандыгы кабарланган. ИИМ маалымат менен бирге үч киши сүйлөшүп отурган видео тасманы тараткан. Видеодон “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековду дагы көрүүгө болот.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) массалык башаламандыкты уюштурууга даярдык көрүүгө шектелген адамдардын тобу кармалгандыгын 2025-жылы 22-ноябрь түнү билдирди.
Сүрөттө: Темирлан Султанбеков. Интернет булактарынан




