Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Мусакеев эч жакка чыкпоо шарты менен абактан бошотулду
- 1 месяц мурун
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы, 9-кызматтын экс-башчысы Дамир Мусакеев эч жакка чыкпоо шарты менен абактан бошотулду.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Мусакеевдин бөгөт чарасын өзгөртүп, эч жакка чыкпоо шарты менен абактан бошотуу чечимин кабыл алды.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) массалык башаламандыкты уюштурууга даярдык көрүүгө шектелген адамдардын тобу кармалгандыгын 2025-жылы 22-ноябрь түнү билдирди.
Кармалгандардын арасында Темирлан Султанбеков, Кадырбек Атамбаев, Шайлообек Атазов, Кубанычбек Кадыров, Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Дамир Мусакеев, Урмат Барктабасов, Эрмек Эрматов ж.б. бардыгы он адам. Аларга кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүгү (зомбулук, талкалоо, өрттөө ж.б. коштолгон массалык баш аламандыкты уюштурууга даярдык көрүү) боюнча айыбы угузулуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Кийинчерээк Кубанычбек Кадыров менен Шайлообек Атазов үй камагына чыгарылган.
Сүрөттө: Дамир Мусакев. Интернет булактарынан




