Социнтерн Темирлан Султанбеков менен Кадырбек Атамбаевге чыгарылган сот өкүмүн айыптады
- 3 дня мурун
- Баяндар
Социалисттик Интернационал Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук соту тарабынан Кыргызстандагы Социал-демократтар партиясынын лидери, Социалисттик Интернационалдын вице-президенти Темирлан Султанбековго жана Кадыр Атамбаевге чыгарылган өкүмдөрдү чечкиндүү түрдө айыптаарын билдирди.
-Темирлан Султанбеков жети жылга эркинен ажыратылды. Бул мөөнөткө ушул иш боюнча дайындалган төрт жылдык жаза жана мурдагы иш боюнча чыгарылган өкүмдүн мөөнөтү кошулган. Кадыр Атамбаев төрт жылга эркинен жыратылды. Эки өкүмдө тең мүлктү конфискациялоо каралган.
Айыпталуучуларга 2025-жылдын ноябрындагы парламенттик шайлоодон кийин массалык башаламандык уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга даярданган деген айыптар коюлган. Алар бул айыптарды кескин түрдө четке кагышкан.
Коргоо тараптын соттук отурумдарды ачык өткөрүү тууралуу бир нече жолку өтүнүчтөрүнө карабастан, сот процесси жабык эшик артында өттү. Натыйжада айыпталуучулар адилеттүү соттук териштирүүнүн негизги кепилдиктери болгон ачык-айкындуулуктан жана көз карандысыз коомдук көзөмөлдөн ажыратылды.
Бул сот процесси 2027-жылдын январында өтө турган президенттик шайлоого саналуу айлар калганда өлкөдө калган саналуу уюшкан оппозициялык күчтөрдүн биринин үнүн басууга багытталган саясий мүнөздөгү куугунтуктун бардык белгилерин камтыйт.
Социалисттик Интернационал Темирлан Султанбеков, Кадыр Атамбаев, алардын үй-бүлөлөрү жана Социал-демократтар партиясынын бардык мүчөлөрү менен толук тилектештигин билдирет. Ошондой эле өкүмдөргө Бишкек шаардык сотунда апелляциялык тартипте даттануу процессинде аларды колдойт.
Биз, Кыргызстандын бийлигин апелляциялык кароону ачык соттук отурумда жана тийиштүү укуктук жол-жоболордун эл аралык стандарттарына толук ылайык өткөрүүнү камсыз кылууга, ошондой эле саясий ишмердүүлүгү үчүн эркинен ажыратылган бардык адамдарды бошотууга чакырабыз, -деп айтылат билдирүүдө.
8-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Социал-демократтар партиясыын лидери Темирлан Султанбековдун, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаевдин жана башкалардын “массалык башаламандыктарды уюштуруу жана бийликти басып алуу иши” боюнча соттук териштирүү уланды. Биринчи май райондук сотунун чечимине ылайык, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев Кылмыш-жаза кодексинин «Бийликти күч менен басып алуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 4 жылга соттолду. Саясатчы Темирлан Султанбеков «Бийликти күч менен басып алуу» боюнча күнөөлүү деп табылып, мүлкү конфискациялануу менен 7 жылга кесилди.
Эрмек Эрматов «Кылмышты жашыруу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, бир жылдык пробация берилди. Саясатчы Кубанычбек Кадыров акталып, эркиндикке чыкты. Казакстандын жараны Абдурахим Абдрахманов 8 жылга эркинен ажыратылды. Казакстандын жараны Серикбай Кабыланбек бир жыл тогуз айга эркинен ажыратылды, бирок тергөө учурунда жаза мөөнөтүн өтөп койгондуктан, камактан бошотулду.
Буга чейин прокурор “Социал-демократтар” саясий партиясынын камактагы лидери Темирлан Султанбековду 9 жылга, (7 жыл жана 6 ай, ал эми өтөлбөгөн мөөнөтүн эсептегенде 9 жыл), мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу, партиянын лидерлеринин бири Кадыр Атамбаевди 7 жыл 6 айга, Эрмек Эрматовду 7 жыл 6 айга, Кубанычбек Кадыровду 9 жылга, Абдурахим Абдурахмановду 9 жылга, Казакстан жараны Серикбай Кабыланбекти 7 жыл 6 айга эркинен ажыратууну суранган.
Буга чейин «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков сотту ачык өткөрүү сунушу менен президент Садыр Жапаровго кайрылган.
Ички иштер министрлигине 1998-жылы туулган Темирлан Султанбеков массалык баш аламандык уюштурууга жана бийликти алмаштырууга чакырык жасап жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат түшкөндүгү жана Султанбеков кармалгандыгы кабарланган. ИИМ маалымат менен бирге үч киши сүйлөшүп отурган видео тасманы тараткан. Видеодон “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековду дагы көрүүгө болот.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) массалык башаламандыкты уюштурууга даярдык көрүүгө шектелген адамдардын тобу кармалгандыгын 2025-жылы 22-ноябрь түнү билдирди.
Сүрөттө: Ортодо Кадыр Атамбаев, оңдо Темирлан Султанбеков. Солдо- алар менен айыпталып, пробацияга чыккан Эрмек Эрматов. Социалдык тармактан / Nurbek Akbar




