Кадыр Атамбаев, Темирлан Султанбеков жана башкалардын камактагы мөөнөтү узартылды

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Эрмек Эрматов, Кадырбек Атамбаев жана Темирлан Султанбековдун камактагы мөөнөтүн 19-августта дагы эки айга узартты.

Бул тууралуу адвокат  Асел Аргымбаева ЖМКга билдирди.    

Социал-демократтар партиясынын камактагы лидери Темирлан Султанбеков Ички иштер министрлиги оперативдүү  тартылган деп көрсөткөн, өзүнүн сүйлөгөн сөзү бар видео монтаждалган экенин билдирип, анын эки сааттык толук версиясын көрсөтүүнү суранган.

Буга чейин Ички иштер министрлигине 1998-жылы туулган Темирлан Султанбеков массалык баш аламандык уюштурууга жана бийликти алмаштырууга чакырык жасап жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат түшкөндүгү жана Султанбеков кармалгандыгы кабарланган. ИИМ маалымат менен бирге үч киши сүйлөшүп отурган видео тасманы тараткан. Видеодон “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековду дагы көрүүгө болот.

 Ички иштер министрлиги (ИИМ) массалык башаламандыкты уюштурууга даярдык көрүүгө шектелген адамдардын тобу кармалгандыгын 2025-жылы 22-ноябрь түнү билдирди.

Кармалгандардын арасында Темирлан Султанбеков, Кадырбек Атамбаев, Шайлообек Атазов, Кубанычбек Кадыров, Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Дамир Мусакеев, Урмат Барктабасов, Эрмек Эрматов ж.б. бардыгы он адам. Аларга кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүгү (зомбулук, талкалоо, өрттөө ж.б. коштолгон массалык баш аламандыкты уюштурууга даярдык көрүү) боюнча айыбы угузулуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кийинчерээк Кубанычбек Кадыров менен Шайлообек Атазов үй камагына чыгарылган. Дамир Мусакеев да эч жакка кетпөө кепилдиги менен абактан бошотулган.

Сүрөттө: Темирлан Султанбеков жана Кадыр Атамбаев. 14-июль 2026-жыл RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты