Абактан кат: Темирлан Султанбеков ИИМ тараткан видеонун эки сааттык толук версиясын көрсөтүүнү өтүндү

Социал-демократтар партиясынын камактагы лидери Темирлан Султанбеков Ички иштер министрлиги оперативдүү  тартылган деп көрсөтүп жаткан, өзүнүн сүйлөгөн сөзү бар видео монтаждалган экенин билдирип, анын эки сааттык толук версиясын көрсөтүүнү суранды. Султанбековдун абактан жазган катын апасы Кыял Токторбаева Фейсбук баракчасында жарыялады.

-Алар көрсөтүп жаткан видео оперативдүү тартылганын тергөөчүлөр моюнга алды. Анда ошол эки сааттык видеонун толук версиясын жарыялагыла. Эмнеге силер аны кескилеп, монтаждап көрсөтүп жатасыңар? Силер кудайдан да коркпойсуңарбы? Тергөөчүлөр мен бийлик алмашарын божомолдогонумду айтып жатышат. Алар эмне, акылынан айнып калыштыбы? Мунун эмнеси мыйзамсыз? Менин акыркы маектеримди, “Азаттыкка”, “Айбек Теңизбайга, “Маекке”, бардык жерде ачык, камерага айтып берип жатам го,- деди ал.

Сапар Исаковду бийлик алып келгиси келип, бирок аны бербей жатышканын Садыр Жапаровдун жаз айындагы айткандарынан билгенин билдирди.   

Темирлан Султанбеков аны шайлоо боюнча үчүнчү жолу түрмөгө камап жатканын айтты:

-Мени үчүнчү жолу түрмөгө камап жатышат, биринчи жолу 2020-жылы октябрда, экинчи жолу 2024-жылы ноябрда, эми 2025-жылы ноябрда. Бийлик биз туура айтып жатканыбызды билет, бирок алар диалогго барбайт, аргументтери жок, ошондуктан күч колдонуп жатышат.  Шайлоо болуп жатканына карабай мени отургузуп коюшту, мен болсо апам Кыял Токторбаеванын ишенимдүү адамымын. Ошондой эле менин мыкты досум Кадыр Атамбаевди да отургузуп коюшту, ал да апамдын шайлоо штабында иштейт. Ал тургай апамдын шайлоо штабынын каржы жагы менен алектенген адамдын жолдошун да отургузуп коюшту. Биз үгүт жүргүзө албаш үчүн, эл менен жолукпашыбыз үчүн, шайлоодо жеңип чыкпашыбыз үчүн баарын жасап жатышат,- деди Темирлан Султанбеков.

Социал-демократтар партиясынын лидери аны эмнеге отургузганын билдирди:

-Айыптоо актысында түз эле жазып жатышат, инфляцияга, баанын кымбатташына, энергокризис жана майнинг-ферма, чет элдиктердин кыймылсыз мүлктү сатып алганына каршы чыгып жатат деп жазышууда.  Булар тууралуу айтканга болбойбу? Шайлоо алдында эл көтөргөн темаларды айтса болбойбу?- деп жазды Султанбеков.    

Ички иштер министрлиги (ИИМ) массалык башаламандыкты уюштурууга даярдык көрүүгө шектелген адамдардын тобу кармалгандыгын 22-ноябрда кечинде билдирди.

“Ички иштер министрлиги Жогорку Кеңешке шайлоодон кийин массалык баш аламандыктарды уюштурууну көздөгөн деструктивдүү топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду. Анын курамына саясий ишмерлер, экс-депутаттар, мурдагы мамлекеттик кызматкерлер жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери катышып, алар провокация жана күч кагылышуулары үчүн өз тарапташтарын, уюшкан кылмыштуу топторду жана спортткк бирикмелерди кошуп тарапкерлерин тартышкан” деп айтылат маалыматта.

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, кармалгандар: 1963-жылы туулган А. У., 1998-жылы туулган С.Т., 1979-жылы туулган А.Ш., 1983-жылы туулган Э.Э., 1984-жылы туулган М.Д., 1986-жылы туулган Ш.Т., 1993-жылы туулган А.К., 1993-жылы туулган А.уЭ., 1993-жылы туулган К.Н. жана 1970-жылы туулган К.К. Аларга кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүгү (зомбулук, талкалоо, өрттөө ж.б. коштолгон массалык баш аламандыкты уюштурууга даярдык көрүү) боюнча айыбы угузулуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин  уулу Кадырбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин мурдагыдепутаттары Шайлообек Атазов, Кубанычбек Кадыров, Эрмек Эрматов жана Урмат Барыктабасовдун бөгөт чарасы каралып, 17-январга чейин камакка алынды.

Мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту бүгүн, 23-ноябрда кабыл алганы белгилүү болду.  

Буга чейин Ички иштер министрлигине 1998-жылы туулган жаран С.Т. массалык баш аламандыктарды уюштурууга жана бийликти алмаштырууга чакырык жасап жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат түшкөндүгү жана С.Т. кармалгандыгы кабарланган. ИИМ маалымат менен бирге үч киши сүйлөшүп отурган видеону таратты. Видеодон “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековду дагы көрүүгө болот.

ИММдин Султанбеков катышкан видео бул:

 Сүрөттө: Темирлан Султанбеков. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты