Абактан кат: Карасартова Чүй ИИББинде жана сотто кыргыз тилин билгендер чыкпаганын айтты
- 11 месяцев мурун
Абакта жаткан белгилүү укук коргоочу Рита Карасартова кармалышы боюнча үн катты. Анын катын Фейсбук социалдык тармагында кызы Касиет Мамырбай жарыя кылды.
Рита Карасартова катта мындай деп жазды:
“Камалышым боюнча үн катып коеюн дедим. Сотто териштирүү кыргыз тилинде өтсүн деп аракет кылдым, анткени аманат деген сөздү кыргыз гана түшүнөт. Тилекке каршы Чүй ИИБинде кыргыз тилин билгендер жок болуп, суракты дагы, протоколду дагы, токтомдорду дагы орус тилинде чыгарып, сотко бардык.Свердлов райондук сотунун судьясы Жаныбек уулу ал сөздүн түп нуска түшүнүгүн билсе дагы, билмексен болуп, камалсын деп чечим чыгарды” деп жазды Рита Карасартова.
Ал эми тергөөчүнүн аты-жөнү — Айдарбек Тыналиев.
Карасартованын бөгөт чарасы Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту 17-апрелге караган түнү Рита Карасартованы 2025-жылдын 12-майына чейин камакка алуу чечимин чыгарды.
Ушул эле сотто Рита Карасартованын кармалышы негиздүү, бирок мыйзамсыз деп табылды.
Буга чейин Рита Карасартова 15-апрелде 48 саатка камакка алынган. Укук коргоочуну Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы суракка алып кеткени маалым болгон. Ошондой эле анын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп жатканы кабарланган.
Укук коргоочу Карасартованын айтымында, анын кармалышына Тилекмат Куреновдун өзүнө жолдонгон аманат катын социалдык тармакка жарыялап койгону себеп болгон.
Укук коргоочу Карасартова массалык башаламандыкты уюштурууга катышы бар деп шектелүүдө.
21-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту активист Тилекмат Куреновдун бөгөт чарасын карап, аны 2025-жылдын 19-майына чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алды.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тараткан маалыматка ылайык, 19-апрелде конституциялык түзүлүштүн негиздерине каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп шектелген, эл аралык издөөдө жүргөн К.у.Т. аттуу КР жараны БАЭден кармалып, Кыргызстанга жеткирилди (Кудайберген уулу Тилекмат. Куренов -ред.).
Сүрөттө: Рита Карасартова. Интернет булактарынан




