Акыйкатчы кызматкерлери абактагы Аскат Жетиген жана Алга Кылычовго жолугуп, андагы абал менен таанышты
- 4 недели мурун
Акыйкатчы институтунун Кыйноолорду алдын алуу жана укук коргоо органдары тарабынан адам укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүү борбору 14-июлда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №27 мекемесине мониторинг жүргүздү. Акыйкатчы институтунун кызматкерлери соттолгондор менен, анын ичинде ырчы жана активист Аскат Жетиген жана Социал-демократтар партиясынын өкүлү Алга Кылычов менен жолугушту.
Алга Кылычов мекеменин кызматкери тарабынан анын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирилгендигине даттанды. Анын айтымында, мындай аракеттер системалуу мүнөзгө ээ жана колониянын бир нече кызматкери башка соттолгондорго да моралдык-психологиялык кысым көрсөтүшөт. Андан тышкары Алга Кылычов басымы кескин көтөрүлгөнүнө карабастан, айып изоляторуна киргизилген.
Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү айып изолятордогу кармалган камераны карап чыгышты. Кароонун жүрүшүндө темир керебеттин бузук абалда экендиги аныкталды. Институттун кызматкерлеринин эскертүүсүнөн кийин колония жетекчилиги керебетти оңдоп берди.
Айып изоляторунан бөлмөлөрүнүн санитардык абалы боюнча да эскертүүлөр берилди.
Мекеменин жетекчилиги Алга Кылычов 9-июлда ички тартип эрежелерин кайталап бузгандыгы үчүн айып изоляторуна киргизилгенин билдирген. 15-июлда Кылычов айып изоляторунан камерага которулду.
Аскат Жетиген мекеменин кызматкерлери жана жетекчилери тарабынан соттолуучуларга адамгерчиликсиз жана кемсинткен мамиле жасалып жатканына даттанды. Ошондой эле, ал акыркы учурда буту ооруп, чуркай албай жатканын билдирген. Анын айтымында, бул көйгөйү менен ал мекеменин медициналык бөлүмүнө кайрылган.
Алга Кылычов жана Аскат Жетиген акыйкатчы Жамила Жаманбаеванын атына арыз менен кайрылышты. Арыздарында алар айтылган маалыматтар боюнча текшерүү жүргүзүүгө жана №27 мекеменин кызматкерлерин жоопкерчиликке тартууга көмөк көрсөтүүнү суранышкан.
Акыйкатчы институтунун кызматкерлери соттолуучулардын тамактануусу менен да таанышып, мекеменин медпунктун текшеришти. Медициналык кызматкерлер соттолуучуларга өз убагында керектүү жардам көрсөтүлүп жатканын билдиришти.
Мындан тышкары, Кыйноолорду алдын алуу борборунун кызматкерлери мекеменин жетекчилиги менен соттолуучулардын укуктарын так сактоо, кемсинтүүгө, ырайымсыз мамилеге жана кыйноого жол бербөө зарылдыгын эскертти.
№27 мекемесинде жаза өтөп жаткан башка адамдардан Акыйкатчы институтунун кызматкерлерине даттануу түшкөн эмес.
Соттолуучулардын арыздары, ошондой эле мониторинг учурунда топтолгон материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлдү.
Буга чейин ырчы жана активист Аскат Жетиген №27 абак жайындагы кыйноолор тууралуу адвокаты Нурбек Токтакуновго кат жазган. Ошондой эле Алга Кылычовдун аялы да ЖМКга Кылычовду кыйноо болгондугу тууралуу айтып берген.
2025-жылы 18-мартта Жогорку сотто ырчы, активист Аскат Жетигендин иши каралып, райондук жана шаардык соттордун чечимин күчүндө калтырды.
Буга чейин Бишкек шаардык соту Аскат Жетигенди 3 жылга кескен райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган. Ага кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренеси менен айып коюлган. Аскат Жетиген өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет.
Аскат Жетиген — ырчы, комузчу, обончу, акын. Ал 18 жашында “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык ансамблине жетекчи болуп, бир нече жыл аны менен жыйырмадан ашык өлкөнү кыдырган.
Сүрөт коллажы. Аскат Жетиген жана Алга Кылычов. «ПолитКлиника»




