Депутат Сурабалдиева Аскат Жетигенди абактан бошотууну суранды
- 3 недели мурун
Бүгүн, 25-июнда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева абакта жаткан ырчы Аскат Жетигенди бошотууну суранды.
—Аскат Жетиген деген жараныбыз камакта. Анын ырайым сурабагандыгынын дагы бир себеби, менин угушумча, аябай сабалыптыр. Кыргыздардын мүнөзү кандай, сабаса көгөрүп, эчтеке сурабай отуруп алат, мүнөзү ошондой бала окшойт. Ал балабызды да бошотуп бериңиздерчи, акындар отурбасын, камалбасын. Анан кызуу мүнөз кыргыз сүйлөп койсо, куугунтуктабасын. Парламентте деле 90 депутатты сөккөн учурлар болду, ал адамды деле кечирип жүрбөдүк беле,-деди депутат Сурабалдиева.
Укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова мурда билдиргендей, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Бишкек шаардык бөлүмүндө Аскат Жетигенди уруп-сабап, электрошокер колдонуп кыйнашкан. Бирок 2,5 жылдан бери Аскат Жетигенди кыйнагандарга чара көрүлбөй жатканын айтты.
Президент Садыр Жапаров 6-мартта “Кабар” агенттигине берген кезектеги маегинде “эмнеге абактагы акын, ырчы Аскат Жетигенди чыгарбай, ыплас иштерден акча жасаган адамга ырайым берет” дегендер да болгону тууралуу суроого жооп берип, эгер арыз менен кайрылса аны да караганга даярбыз” деп билдирди.
Акын, ырчы Аскат Жетиген №27 абак жайында ырайымсыз мамилеге жана коркутууга кабылганын билдирди. Даттануулардан кийин ырчы, акын Аскат Жетиген айып изоляторунан чыгарылды.
2025-жылы 18-мартта Жогорку сотто ырчы, активист Аскат Жетигендин иши каралып, райондук жана шаардык соттордун чечимин күчүндө калтырды.
Буга чейин Бишкек шаардык соту Аскат Жетигенди 3 жылга кескен райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган. Ага кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренеси менен айып коюлган. Аскат Жетиген өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет.
Аскат Жетиген — ырчы, комузчу, обончу, акын. Ал 18 жашында “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык ансамблине жетекчи болуп, бир нече жыл аны менен жыйырмадан ашык өлкөнү кыдырган.
Сүрөттө: Аскат Жетиген. 25-июнь 2024-жыл. «ПолитКлиника»




