Ырчы Аскат Жетиген жаза мөөнөтүн өтөп бүтүп, эркиндикке чыкты

Бүгүн, 19-августта, ырчы Аскат Жетиген үч жылдык жаза мөөнөтүн өтөп бүтүп, эркиндикке чыкты. Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова Фейсбук баракчасында билдирди.

“Адвокат, үй-бүлөсү жана жакындары саат 8:30да Аскат Жетигенди тосуп алуу үчүн №27 колонияга келишкен. Аскат Жетиген ал жерде жок болуп чыкты. Аны колониянын башчысы эртең менен машинасына салып кеткен дешти. Азыр Аскат Жетиген колония башчысынын унаасында бара жатат болуш керек. Бул кеминде эле таң калыштуу деп айтсак болот, мыйзамдуу полномочие чегинен чыгып кеткени көрүнүп турат… Эми абакка жатып чыккандар түрмөнүн башчысы үйүнө жеткирип барышын талап кыла баштайт болуш керек деп ойлойм».

P.S. Колония башчысы Аскат Жетигенди ЧЧК тарапка калтырыптыр, бул андан бетер таң калыштуу. Ал жерден аны адвокаты Акынбек Ногоев тапкан,-деп жазды Гүлшайыр Абдирасулова

Буга чейин 19-августта ырчы Аскат Жетигендин абактагы жаза өтөө мөөнөтү аяктап, эркиндикке чыгары маалымдалган.

Аскат Жетиген Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү мекемесинде жазасын өтөгөн.

2025-жылы 18-мартта Жогорку сотто ырчы, активист Аскат Жетигендин иши каралып, райондук жана шаардык соттордун чечимин күчүндө калтырды.

Буга чейин Бишкек шаардык соту Аскат Жетигенди 3 жылга кескен райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган. Ага кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренеси менен айып коюлган. Аскат Жетиген өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет.

Аскат Жетиген — ырчы, комузчу, обончу, акын. Ал 18 жашында “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык ансамблине жетекчи болуп, бир нече жыл аны менен жыйырмадан ашык өлкөнү кыдырган.

Сүрөттө: Аскат Жетиген жана адвокаты Акынбек Ногоев. Гүлшайыр Абдирасулованын ФБ баракчасынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты