Жаза аткаруу кызматы: “Аскат Жетигендин саламаттыгы канааттандырарлык”

  • 1 месяц мурун

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) абакта жаткан ырчы, активист Аскат Жетигендин ден соолугу канаттандырарлык экенин билдирди.

“Бүгүнкү күнү соттолуучу Аскат Жетигендин саламаттыгы канааттандырарлык. Медициналык бөлүмгө ден соолугу боюнча даттануу менен кайрылган эмес. Жетиген уулунун саламаттыгы начарлап жаткандыгы жана ачка калып жаткандыгы жөнүндө с оциалдык түйүндөрдө тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт” деди ЖАМК.

Ошондой эле ЖАМК абак жайында үч маалы ысык тамак берилерин, анда кармалгандар ачка калбай турганын да кошумчалады.

Активист, ырчы Аскат Жетиген абакта саламаттыгы начарлап жатканын укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасуловага өзү жаткан №47 абактан жазган катында билдирди.

“Убакыт аз калган сайын күндүн өтүшү жайлап жатат. Негизинен абалым дурус болгону менен ден соолугум начарлап жатат. Балким күндүн ысыгынан, балким тамактын аздыгынан. Сууктап, ичим жана башым көп ооручу болду” деп жазды Аскат Жетиген катында.  

2025-жылы 18-мартта Жогорку сотто ырчы, активист Аскат Жетигендин иши каралып, райондук жана шаардык соттордун чечимин күчүндө калтырды.

Буга чейин Бишкек шаардык соту Аскат Жетигенди 3 жылга кескен райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган. Ага кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренеси менен айып коюлган. Аскат Жетиген өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет.

Аскат Жетиген — ырчы, комузчу, обончу, акын. Ал 18 жашында “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык ансамблине жетекчи болуп, бир нече жыл аны менен жыйырмадан ашык өлкөнү кыдырган.

Сүрөттө: Аскат Жетиген. Сотто. 25-июнь 2024-жыл. «ПолитКлиника»

  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты