Саясатчыларга, активисттерге жапырт баш-аламандык уюштурууну даярдоо айыбы коюлууда

  • 2 года мурун

Бүгүн, 23-октябрда, Кемпир-Абадды коргоо комитетинин бир катар мүчөлөрүнүн, саясатчылардын активисттердин үйү тинтилгени маалым болгон. Аларга жапырт баш-аламандыкты уюштурууну даярдоо айыбы тагылып жаткандыгы айтылууда.

Социалдык тармактарда саясатчы Клара Сооронкулованын үйүн тинтүү боюнча токтом жарыяланды. Андан маалым болгондой, Клара Сооронкуловага кылмыш-жаза кодексинин 36 жана 278-беренелери боюнча айып тагуу кагазы берилген, тактап айтканда жапырт баш-аламандыкты уюштурууга даярдануу.

Документке Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын жетекчиси У. Жапеков кол койгон.  

Айып коюлуп жаткан адамдын качып кетүү коркунучу болгондуктан,  үйү соттун уруксатысыз тинтүүгө алынган. Андан кийинки 24 саат ичинде ага тинтүү кагазы берилери жазылган.   

Кемпир-Абад берилбесин деп чыгышкан Жеңиш Молдокматов, Равшан Жээнбеков, Асия Сасыкбаева, Гүлнара Журабаева, Рита Карасартова, Клара Сооронкулова, Эрлан Бекчоро уулу жана Кемпир-Абадды коргоо комитетинин айрым мүчөлөрүнүн үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлүп, өздөрү суракка алынган.

Саясатчыларга, активисттерге жапырт баш-аламандык уюштурууну даярдоо айыбы коюлууда
Клара Сооронкулованын Фейсбук баракчасынан.

Кемпир-Абадды коргоо комитети түзүлүп, анын катарына Мамбетжунус Абылов, Асия Сасыкбаева, Адахан Мадумаров, Клара Сооронкулова, Исхак Масалиев, Жеңиш Молдокматов, Гүлнара Журабаева, Кеңешбек Дүйшөбаев,  Гүлгаакы Мамасалиева, Азимбек Бекназаров, Эркингүл Иманкожоева, Равшан Жээнбеков, Ыргал Кадыралиева, Бектур Асанов, Рита Карасартова,  П.Суранова, К.Исаев, А.Акматов, Т.Кудайбергенов, У.Маматаев, К.Кадыров, С.Жапыкеев, О.Нарматова, А.Айтбаев, Ч.Капаров, А.Бузурманкулов, А.Шабдан, Т.Мадаминов, М.Коргонбаев, Э.Жайчиев, Данияр Акматов, Э.Бекчороев жана башкалар кирген.

Сүрөттө: Жеңиш Молдокматов, Клара Сооронкулова, Равшан Жээнбеков. Интернет булактарынан.

 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты