Кемпир-Абад иши: Прокурор ишти кайра райсотко кароого жиберүүнү суранды

  • 3 месяца мурун

Бүгүн, 27-мартта, Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча сот отуруму улантылууда.  

Мамлекеттик айыптоо Кемпир-Абад ишин Биринчи май райондук сотуна кайра кароого жөнөтүүнү суранды. Бул тууралуу аталган иш боюнча Биринчи май райондук сотунда акталган саясатчынын бири Жеңиш Молдокматов социалдык тармакта билдирди.

Биринчи май райондук сотунун актоо чечими мыйзамдуу жана адилеттүү болгонун далилдөө үчүн жана прокурорлордун өтүнүчүнө каршы акталгандар жарыш сөзгө чыгышты. Түштөн кийин сот улантылмакчы.

25-мартта Кемпир-Абад иши боюнча Бишкек шаардык сотунда сот отуруму өткөн. Ал отурумда Кемпир-Абад иши боюнча акталган ондон ашык саясатчылар, активисттер, укук коргоочулар сурак берген.

2024-жылдын 4-июнунда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган саясатчы, активисттерди актаган.

Кийин 12-июлда прокуратура Кемпир-Абад иши боюнча Биринчи май райондук сотунун актаган чечимине каршы Бишкек шаардык сотко кайрадан жаңы апелляциялык сунуш берген. Анда прокурорлор Медер Абдышев жана Замира Байбагышова Кемпир-Абад иши боюнча Биринчи май райондук соту тарабынан акталган саясатчы, активисттердин актоо чечимдерин жокко чыгарып, коюлган айыптары боюнча бардыгын күнөөлүү деп таап, жаза берүүнү суранышкан.

Сүрөт: Сотто. Социалдык тармактан. 27-март 2026-жыл

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты