Президент жалган маалымат тараткандарга мыйзам чегинде катуу чара көрүлөрүн айтты
- 1 месяц мурун
- Баяндар, Жаңылыктар
Президент жалган маалымат тараткан, адамдарды адаштырган жана өлкөнүн өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизген адамдарга карата мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөрүн айтты. Бул тууралуу Садыр Жапаров бүгүн, 9-сентябрда, Жогорку Кеңештин жыйынына катышкандагы элге кайрылуусунда билдирди.
Мамлекет башчы коомдо ар дайым талкуулоону талап кылган маселелер болорун, бирок пикир келишпестикти кастыкка, талкууну тирешүүгө, ар түрдүү маселелерди коомду бөлүп-жаруучу куралга айлантууга эч кимдин укугу жок экенин кошумчалады.
“Айрыкча коомдук таасири бар адамдар, мамлекеттик жана саясий ишмерлер, айрым депутаттар, эксперттер, коомдук лидерлер, журналисттер жана блогерлер ар бир айтылган сөздүн артында, коом алдындагы жоопкерчилик турарын унутпаш керек. Элдин сезимине тийген маселелерди атайылап курчутуп, коомдун бир бөлүгүн экинчи бөлүгүнө тукуруу аркылуу саясий упай топтоого жол бербешибиз керек” деди Садыр Жапаров.
Мамлекет башчы коомдогу кемчиликтерди издөө жана коомду бөлүп-жарууга багытталган чагымчыл жана ак ниетсиз ой-пикирлерге алдырбоого чакырды.
“Популисттик, демогогдук пикир калтыруу менен өзүнө дагы, элге дагы, Мекенге дагы эч кандай пайда келбестигин акыры түшүнүшү керек. Мамлекеттик кызматтарда коррупциялык көрүнүштөр болсо, далилденген, негизделген фактылар менен элдин алдына алып чыксаңыздар, албетте, мага эң чоң жардам берген болосуздар. Мен сиздер тарапта болом. Сиздерди колдойм”, — деп белгиледи Садыр Жапаров.
Президент жалган маалымат тараткан, адамдарды адаштырган жана өлкөнүн өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизген адамдарга карата мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөрүн айтты.
Сүрөт: president.kg




