Кой-Таш окуясы: Сот Атамбаевди 11 жыл 6 ай эркинен ажыратты. Ниязов, Жээнбеков, Карамушкина камакка алынды
- 3 недели мурун
Бүгүн, 3-июнда, кечинде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту, судья Азирет Медеров Кой-Таш окуясы боюнча өкүмдү угузду.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди үй-мүлкүн конфискациялоо, мамлекеттик сыйлыктарын кайтарып алуу менен 11 жыл 6 айга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды;
Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовду — 7 жыл 8 айга;
Саясатчы Равшан Жээнбековду — 7 жыл 8 айга;
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ирина Карамушкинаны 7 жыл 6 айга эркинен ажыратуу өкүмү чыкты.
Сот залынан Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Ирина Карамушкина камакка алынды.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Асел Кодурановага 3 жыл пробация;
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаевге 5 жыл пробация;
Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Канат Сагынбаевге 5 жыл пробация;
Журналист Кундуз Жолдубаевага 5 жыл пробация;
Фархад Баабиевди 5 жыл 6 ай эркинен ажыратуу;
Канат Өскөналиевге 5 жыл пробация;
Карыпбек уулу Рыспекке 5 жыл пробация;
Амангелди Какебаевге 3 жыл пробация;
Марат Шаменовго 3 жыл пробация;
Нооруз Капарбек уулуна 3 жыл пробация жазасын чегерди.
Ал эми башка эпизоддор боюнча:
Мурдагы ички иштер министри Абдылда Суранчиевге мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жаза чегерилген жок;
Исабек Абдыгазиевге мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу жаза чегерилген жок;
Төрөхан Тынымсеитовго мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жаза берилген жок;
Аскарбек Шадиевди үй-мүлкүн конфискациялоо менен 15 жыл 6 ай эркинен ажыратуу чечимин чыгарды;
“Дастан” компаниясынын мурдагы директору Юрий Васильевге мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жаза берилген жок;
Сот Аскарбек Шадиев менен Алмазбек Атамбаевден 5 млрд 439 млн сом өндүрүү чечимин чыгарды.
Судья Азирет Медеров эркинен ажыратылгандарды сот залынан камакка алуу чечимин чыгарды.
2019-жылдын августундагы Кой-Таш окуясына байланыштуу сот Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда улантылган.
Кой-Таш окуясы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы депутаттар Ирина Карамушкина, Асел Кодураңова, Равшан Жээнбеков баштаган 14 кишинин тергөө иши 2020-жылдын февраль айында сотко өтүп, ишти Биринчи май райондук соту караган.
2019-жылдын 7-8-август күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда УКМКнын бир кызматкери өлүп, бир топ укук коргоо органдарынын кызматкерлери жарат алган. Андан тышкары, 136 адам медициналык жардам алуу үчүн кайрылган.
Сүрөт: Интернет булактарынан