Жогорку Кеңеш Казакстандагы кырдаалга байланыштуу кезексиз жыйынга чогулат

  • 3 года мурун

Бүгүн 6-январда, Жогорку Кеңеш чукул жыйынга чогулганы жатат. Бул тууралуу жеке булактар маалымдады.   

Жыйында Казакстандагы соңку кырдаалга байланыштуу бул өлкөгө Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) аскерлерин жөнөтүү маселеси каралат.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун бейпилдик күчтөрү чектелген убакытка Казакстанга жөнөтүлөрүн уюмга төрагалык кылган Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 6-январда «Фейсбук» аркылуу жарыялады.

Ал мындай чечим «Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин кайрылуусуна, Казакстандын улуттук коопсуздугу менен суверендүүлүгүнө туулуп жаткан коркунучка жана сырттан кийлигишүүлөргө» байланыштуу кабыл алынганын билдирди.

Буга чейин Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев ЖККУга мүчө-мамлекеттердин жетекчилеринен жардам сураган. Казакстандын Президенти Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, чет өлкөлөрдөн даярдыктан өтүп келген банда Казакстанга кол салганын, муну агрессия актысы катары баалаш керек экенин билдирди.  

Казакстандын бардык аймагына өзгөчө абал киргизилди.

Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларда газдын кымбатташына каршы акция 2-январда. 4-январда митингдер Нур-Султан, Алматы, Актөбө, Караганды, Атырау, Орал жана башка шаарларда да болду.

5-январга караган түнү айрым жерлерде митингчилер полиция менен кагылышты. Нааразылык учурунда Казакстанда сегиз полиция кызматкери каза болду. Бул тууралуу tengrinews.kz сайты өлкөнүн ички иштер министрлигине таянуу менен кабарлады.

Өкмөт отставкага кетип, айрым жогорку кызмат адамдары иштен алынды. Нурсултан Назарбаев Коопсуздук кеңешинин төрагалыгынан кетти.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты