Нааразылык учурунда Казакстанда сегиз полиция кызматкери каза болду

  • 2 года мурун

Нааразылык учурунда Казакстанда сегиз полиция кызматкери каза болду. Бул тууралуу tengrinews.kz сайты өлкөнүн ички иштер министрлигине таянуу менен кабарлады.

Президент Касым-Жомарт Токаев да акциялар учурунда күч кызматтарынын арасында жоготуулар болгонун маалымдаган. Соңку маалыматтарда дагы 300дөй кызматкер жаракат алганы айтылды.

Ал эми жарандар арасында да курмандыктар бар экени айтылууда, бирок алар расмий тактала элек.

Казакстандын бардык аймагына өзгөчө абал киргизилди. Бул тууралуу Казакстандын ЖМКлары билдирүүдө.

Буга чейин өзгөчө абал Мангыстау, Алматы облустарында, Алматы, Нурсултан шаарларында киргизилген.

Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларда газдын кымбатташына каршы акция 2-январда. 4-январда митингдер Нур-Султан, Алматы, Актөбө, Караганды, Атырау, Орал жана башка шаарларда да болду.

5-январга караган түнү айрым жерлерде митингчилер полиция менен кагылышты.

Өкмөт отставкага кетип, айрым жогорку кызмат адамдары иштен алынды.

Нурсултан Назарбаев Коопсуздук кеңешинин төрагалыгынан кетти.

Сүрөт: Reuters.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты