Касым-Жомарт Токаев ЖККУдан жардам сурады

  • 3 года мурун

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, чет өлкөлөрдөн даярдыктан өтүп келген банда Казакстанга кол салганын, муну агрессия актысы катары баалаш керек экенин билдирди.  

Токаев Жамааттык Коопсуздук боюнча Келишим Уюмунан (ЖККУ) жардам сурап кайрылганын билдирди.

ЖККУ өлкөлөрүнө Россия, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан кирет.  

Казакстандын бардык аймагына өзгөчө абал киргизилди.

Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларда газдын кымбатташына каршы акция 2-январда. 4-январда митингдер Нур-Султан, Алматы, Актөбө, Караганды, Атырау, Орал жана башка шаарларда да болду.

5-январга караган түнү айрым жерлерде митингчилер полиция менен кагылышты. Нааразылык учурунда Казакстанда сегиз полиция кызматкери каза болду. Бул тууралуу tengrinews.kz сайты өлкөнүн ички иштер министрлигине таянуу менен кабарлады.

Өкмөт отставкага кетип, айрым жогорку кызмат адамдары иштен алынды. Нурсултан Назарбаев Коопсуздук кеңешинин төрагалыгынан кетти.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты