Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн Оман аркылуу эки учак 300 кыргызстандыкты алып келет

  • 4 дня мурун

Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн Ата Мекенине келе албай жаткан Кыргызстандын жарандарыбызды эвакуациялап алып келүү боюнча иштер тынымсыз жүрүп жатат. Бириккен Араб Эмираттарында учуп-конууга тыюу салынганына байланыштуу, Оман өлкөсү менен сүйлөшүп, эки учак жалдап, 300 кишини алып кетүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Кудай буюруп, БАЭден учуп-конууга уруксат берилсе, калган жарандарыбыздын баарын бир күндө алып чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жетет. Биринчи кезекте Оман аркылуу жаш балдар менен аялдар алып келинет.

Баарыңыздарды сабырдуулукка чакырам” деди Жапаров.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Жакынкы Чыгыштын бир катар өлкөлөрү, анын ичинде Сауд Аравия, Бириккен Араб Эмираттары, Оман менен кыргыз жарандар үчүн эвакуациялоо каттамдарды уюштуруу боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатканын кабарлаган. 

Перс булуңунда 22 миң кыргызстандык бар. Бул тууралуу тышкы иштер министрлиги Бишкектеги брифингде билдирди. Анын ичинде: -Бириккен Араб Эмираттарында — 10 миңдей, Катарда-800дөй, Сауд Аравиясында 5 миңден ашык (анын ичинде зыяратчылар 4 миң,калган жарандар 1 миң), Израилде 100гө жакын кыргызстандык жаран, Кувейт, Бахрейн жана Иорданияда миңге жакын кыргызстандык бар.

28-февралда Израилдин Куралдуу күчтөрү Иран аймагына сокку урду. Израилге АКШ да кошулду.

Иран жооп катары Израилге ракета соккусун урду, ошондой эле АКШнын Бахрейн, Кувейт, Катар жана Бириккен Араб Эмираттарындагы аскер базасына чабуул койду. Израилде өзгөчө абал жарыяланды. АКШ жана Израил соккусунан кийин Иран Израилге жана Перс булуңундагы өлкөлөргө чабуул койду.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты