ТИМ: Перс булуңунда 22 миңдей кыргызстандык бар

  • 1 неделя мурун

Перс булуңунда 22 миң кыргызстандык бар. Бул тууралуу тышкы иштер министрлиги Бишкектеги брифингде билдирди.

Анын ичинде: -Бириккен Араб Эмираттарында — 10 миңдей, Катарда-800дөй, Сауд Аравиясында 5 миңден ашык, Израилде 100гө жакын кыргызстандык жаран бар. Кувейт, Бахрейн жана Иорданияда миңге жакын кыргызстандык бар.

“Эмирликтердин Туризм департаменти мейманкаларга мөөнөтү бүткөн кардарларды чыгарбоо, мөөнөтүн акысыз узартуу өтүнүчү менен кат жолдогон. Бирок, ага карабай, айрым мейманканаларда кыргыз жарандарын чыгаруу аракеттери болуп жатат. Консулдуктар барып жеринде жардам берүүдө”деп айтылды брифингде.

Жакынкы Чыгыш аймагындагы татаал кырдаалдын уланып жаткандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Бириккен Араб Эмираттарында жүргөн (БАЭ) Кыргыз Республикасынын жарандарына тынчтыкты сактоону жана коопсуздук чараларын күчөтүүнү сунуштады.

28-февралда Израилдин Куралдуу күчтөрү Иран аймагына сокку урду. Израилге АКШ да кошулду.

Иран жооп катары Израилге ракета соккусун урду, ошондой эле АКШнын Бахрейн, Кувейт, Катар жана Бириккен Араб Эмираттарындагы аскер базасына чабуул койду. Израилде өзгөчө абал жарыяланды. АКШ жана Израил соккусунан кийин Иран Израилге жана Перс булуңундагы өлкөлөргө чабуул койду.

Дубайда жана Катардын борбору Доха шаарында, Израилдин ири шаары Тель-Авивде жарылуулар орун алды.

АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын руханий лидери Али Хаменеи көз жумганын Truth Social баракчасына жазды. Ирандын руханий башчысы Али Хаменеи өлтүрүлгөнүн Ислам революциясынын сакчылар корпусу тастыктады.

Интернет булактарында Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө калган Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргызстанга кете албай жатканын жазышууда.

Сүрөттө: КР ТИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты