ТИМ: Россиядан чет өлкөлүк жарандарды чыгарууга негиз болгон административдик укук бузуу тизмеси кеңейтилди
- 7 часов мурун
- Баяндар
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Россиянын мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, чет өлкөлүк жарандарды Россия аймагынан мажбурлап чыгарууга негиз болгон административдик укук бузуулардын тизмеси эки эседен ашык кеңейтилгендигин маалымдады.
“Россиянын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жүрүүсүнө көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган аталган өзгөртүүлөр 2026-жылдын 3-ноябрынан тартып күчүнө кирди. Ушуга байланыштуу Министрлик Кыргыз Республикасынын жарандарын Россия Федерациясынын мыйзамдарындагы жаңы талаптарды эске алууга жана анын аймагында болуунун белгиленген тартибин сактоого чакырат” деп айтылат маалыматта.
Тактап айтканда мурда айып пул салуу менен чектелген төмөнкү аракеттер эми чет өлкөлүк жарандарды өлкөдөн мажбурлап чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга негиз болушу мүмкүн:
— майда бейбаштык жасоо, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин же аскер кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө;
— чогулуш, митинг жана башка коомдук иш-чараларды уюштуруунун же өткөрүүнүн белгиленген тартибин бузуу;
— Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүн жаманатты кылууга багытталган ачык аракеттерди жасоо;
— интернет тармагында адамдын кадыр-баркын жана коомдук адеп-ахлакты кемсинткен маалыматтарды таратуу;
— Россия Федерациясына каршы санкцияларды киргизүүгө чакыруу, басмырлоо көрүнүштөрүнө жол берүү;
— улутчул же экстремисттик символиканы пропагандалоо, ошондой эле баңгизат каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүү.
Ушуга байланыштуу министрлик Россия аймагында жүргөн мекендештерди миграциялык мыйзамдардагы маанилүү өзгөртүүлөр менен кылдат таанышууга жана мүмкүн болуучу терс кесепеттердин алдын алуу максатында мыйзам талаптарын так сактоого чакырат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




