АКШдан Кыргызстанга баңгизат аткезчилигине шектүү экстрадицияланды
- 8 секунд мурун
- Жаңылыктар
АКШдан Кыргызстанга баңгизат аткезчилигине шектелген жаран экстрадицияланды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Экстрадициялоо ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери АКШнын баңгизаттарга каршы күрөшүү башкармалыгынын (DEA) көмөгү, ошондой эле Интерпол Улуттук борбордук бюросунун катышуусу менен ишке ашырылды.
Америка Кошмо Штаттарынан Кыргыз Республикасына баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз ташып кирип, андан ары сатууга багытталган схема аныкталган.
Баштапкы маалыматтар боюнча, бул мыйзамсыз ишмердүүлүккө уюшкан баңги тобунун мүчөлөрү да катышкан.
2024-жылдын башында АКШнын аймагында убактылуу жашап жүргөн Х.Т. аттуу жаран жеке кызыкчылыгын көздөп, баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды Кыргыз Республикасына аткезчилик жолу менен жеткирүү каналын уюштурганы аныкталгандыгы айтылат.
Иштин материалдарына ылайык, Х.Т. АКШнын аймагынан кургатылган марихуана гүлдөрүн, ошондой эле психотроптук заттарды сатып алып, аларды ар кандай эл керектөөчү товарлардын ичине жашырып, тааныштарынын атына таризделген эл аралык почта жөнөтмөлөрү аркылуу Кыргызстанга жөнөтүп турган.
Кийинчерээк аталган почта жөнөтмөлөрүн алуучулар үчүнчү жактарды тартуу менен баңгизат каражаттарын Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында мыйзамсыз сатуу иштерин уюштурушкан.
Тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Сүрөттө: Шектүү. ИИМ




