«В контакте» социалдык түйүнү Кыргызстанда салык төлөй баштады
- 18 минут мурун
- Жаңылыктар
Россиялык “В контакте” социалдык түйүнү Кыргызстанда салык каттоосунан өтүп, салык милдеттенмелерин аткарды.
Бул тууралуу Салык кызматы кабарлады.
“Чет өлкөлүк санариптик компаниялрдын салыктык каттоодон өтүшү жана салык төлөшү катталган өлкөсүнө карабастан, рыноктун бардык катышуучулары үчүн бирдей атаандаштык шарттарды камсыз кылат. Мамлекеттик Салык кызматы “В контакте” ЖКЧсынын жоопкерчиликтүү мамилесин кубаттайт жана Кыргыз Республикасында электрондук кызматтарды көрсөткөн бардык чет өлкөлүк уюмдарды салык мыйзамдарынын талаптарын сактоосун камсыздоо боюнча иштерди улантат” деп айтылат маалыматта.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




